ЛАВРЁНТИЙ ДӨҢСӨӨСҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАВРЁНТИЙ ДӨҢСӨӨСҮ Түн. Американын түн.-чыгышында; негизинен Канаданын, бир аз бөлүгү АКШнын аймагында. Түш.-чыгышынан Аппалачи дөңсөөлөрү, түштүгүнөн Борб. түздүктөр, түш.-батышынан Улуу түздүктөр, батышынан Маккензи өрөөнү, түндүгүнөн Гудзон булуңунун ойдуңу м-н чектешет. Түндүгүндө ж-а түн.- чыгышында Түн. Муз., Атлантика океандарына чыгат.
Тектон. жактан Канада калканынын негизги бөлүгү; пенеплендешүүгө дуушарланган. Аянты 5 млн кмг чамасында. Жеринин бети жантайыңкы, кудүрлүү, басымдуу бийикт. 200-400 м; чыгыш бөлүгү (Лабрадор ж. а.) кыйла көтөрүңкү, жээкке жакын тоолуу рельеф мүнөздүү; мында Л. д-нүн эң бийик жери - Торнгат тоосу жайгашкан, анын бийикт. 1595 мге чейин. Плейстоценде аймакты муз текши каптаган, муздун калыңцыгы 3000 мге чейин жеткен. Муз каптоону деңиз трансгрессиясы коштогон. Муз каптоодон дөбө-дөңсөөлуү, морена туздүктөрү, друмлиндер, жалдар, океан трансгрессиясынан көлдөр пайда болгон. Бут аймагы өтө саздашкан, көлдүү. Кендерге (темир ж-а жез кенташтарына, никель, алтын, уран ж. б.) бай.
Л. д. мелүүн жана субарктикалык климат алкактарында жайгашкан. Кышы узакка созулуп, кар арбын жаайт. Жай мезгили кыска, муз м-н капталган. Гудзон булуңунун ж-а Лабрадор муздак агымынын таасиринен серүүн. Бардык жеринде көп жылдык тоң кездешет. Дарыялары жыш, босоголуу, шар агат, көбү көлдөрду туташтырып турган салаалар болуп саналат. Тундра, токойлуу тундра ж-а тайга зоналары мүнөздүү. Тундра зонасы региондун 2/( бөлүгүн ээлеп, анда мамык чөп-эңилчектүү ж-а буудайыктуу өсүмдүктөр, бадалдар (жапалак кайың, багульник ж. б.) өсөт. Токойлуу тундра ж-а түн. тайга сейрек токоюнда негизинен кара карагай, бальзам көк карагайы (чыгышында), ак карагай (батышында) ж-а бальзам тереги (дарыя өрөөндөрүндө) басымдуу. Л. д-нүн түш. бөлүгү тайга тибиндеги ийне жалбырактуу токой м-н жыш капталган; чыгыш бөлүгунун токою өтө ар турдүу, анда ак банкс ж-а кызыл карагайлар, канада гемлогу басымдуу; аларга аралаш ак чечек, кайың, байтеректин турлөрү өсөт. Экол. абалы негизинен канааттандырарлык; айрым бузулуулар кен казып алынган аймактарда байкалат. Түш. бөлүктөрүндө АКШнын чектеш аймактарынан келген кислоталуу жаанчачындын таасиринен атм-нын булганышы байкалат. Коргоого алынган эң ири аймактары: ЮНЕСКОнун Маникуаган - Уабишка биосфера
резерваты, Телон резерваты (кой бука популяциясын коргоо).
Ад.: Витвицкий Г. Н. Климаты Северной Америки. М., 1953; Игнатъев Г. М. Северная Америка. Физическая география. М., 1965; Физическая география материков и океанов/Под ред. А М. Рябчикова. М., 1988; Кулышев Ю. А. Канада. М., 1989.