ЛАКТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАКТАР - жука кабык пайда кылуучу заттардын орг. эриткичтердеги эритмеси. Аны металл, жыгач ж. б. заттын бетине жука сыйпап кургаткандан кийин адгезиялык күч м-н тартылган жалтырак, тунук, катуу кабык пайда болот. Ал кабык түрдүү атм. бузуучу чөйрөдөн буюмду сактайт, кооздойт. Кээ бир Л. электр өткөрбөөчү материал катары да пайдаланылат. Көпчүлүгү лак боёкторун даярдоо үчүн керектелет. Кабык пайда кылуучу затты спирт, уайт-спирит, ацетон, ксилол ж. б. эриткичтерде эритип даярдайт. Кабык пайда кылуу түрүнө жараша майлуу, алкиддик, полиацетондук, эпоксидцик ж. б. болуп бөлүнөт. Көбү түссүз. Түстүү Л-ды алуу үчүн кабыктын тунуктугун сактоочу орг. боёктор кошулат. Кара Л. битумдан даярдалат. Алар кургаганда эриткич учуп кетип, кайра эрүүчү кабык пайда болот. Мындай Л. бөлмө темп-расында эле тез кургайт. Кээде кайра эрибеген кабык пайда болуп, ал туруктуураак келет. Л-дын касиети илээшкектиги, кургоо ылдамдыгы ж. б. м-н мүнөздөлөт. Эл чарбасынын бардык тармагында, иск-водо, тиричиликте керектелет.