ЛАЗАРЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
1 сап: 1 сап:

ЛАЗАРЕВ Михаил Петрович [3(14). 11. 1788, Владимир - 11(23). 4. 1851, Австрия, Вена] - орус флотчусу ж-а деңиз сүзүүчү, адмирал (1843), генерал-адъютант (1833). Деңиз кадет корпусун бүткөн (1803). Андан соң гардемарин наамын алып, бир нече тарбиялануучулар м-н британиялык флотко волонтёр болуп жиберилген.[[File:ЛАЗАРЕВ_1.jpg|thumb]]

Алардын кемесинде 5 жыл­га чукул сүзүп, Жер Ортолук деңизге, Атлантика ж-а Тынч океандарына болгон экспедицияга катышкан. Вест-Индияга да барган. Белгилүү окумуштуу ж-а

Антарктиданы изилдөөчү. 1813-25-ж. 3 жолу (а. и. 1819-21-ж. «Мирныйдын» командири Ф. Ф. Беллинсгаузендин Антарктиданы ачкан экспедициясы м-н) Жер шарын айланып сүзүп чыккан. 1827-ж. Наварин салгылашында «Азов» кемесинин командири. 1833-50-ж. Кара деңиз флотунун ж-а Кара деңиз портторунун башкы командачысы. «Азов» кемеси орус флотунда ал­гачкылардан болуп, эң жогорку сыйлыкка - Георгий желегине (кеменин артына тагылган) татыктуу болгон. Аскер-деңиз ишине көрүнүктүү салым кошкон. Л-дин окуучулары П. С. Нахи­мов, В. А. Корнилов, П. С. Пахомов, В. И. Ис­томин, Г. В. Бутаков ж. б. Л-дин геогр. экспеди­циялары дүйнөлүк илимге чоң салым кошкон. Париж ИАнын ж-а Орус география коомунун ардактуу мүчөсү. Анын атынан Тынч океанда­гы атолл, Амур лиманындагы тумшук, Япон деңизиндеги бухта ж-а порт, 2 антарктикалык станция, Антарктидадагы деңиз ж-а тоо тизме­ги аталып, Аскер-деңиз флотунун кемелери анын атын алып жүргөн. 4-даражадагы Ыйык Георгий (1817), Ыйык Александр Невский (1837), 1-даражадагы Ыйык Владимир (1845) ж-а Ыйык Андрей Первозванный (1850) ордендери м-н сыйланган. Сөөгү 1992-ж. Севастополго алы­нып келинип, кайрадан коюлган.

Ад.: М. П. Лазарев: Документы. Т. 1-3. М., 1952- 1961; Никульченков К. И. Адмирал Лазарев. М., 1956; Черноусов А. А. Адмирал М. П. Лазарев: Мало­известные страницы жизни и деятельности. Севасто­поль, 2008.
[[Категория:5-том,_2-50_бб]]

16:53, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛАЗАРЕВ Михаил Петрович [3(14). 11. 1788, Владимир - 11(23). 4. 1851, Австрия, Вена] - орус флотчусу ж-а деңиз сүзүүчү, адмирал (1843), генерал-адъютант (1833). Деңиз кадет корпусун бүткөн (1803). Андан соң гардемарин наамын алып, бир нече тарбиялануучулар м-н британиялык флотко волонтёр болуп жиберилген.