ЛАПЛАНДИЯ КОРУГУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАПЛАНДИЯ КОРУГУ Уюл тегерегинен түндүктө, Кола ж. а-нда, түн. тайга зонасында жайгашкан. Аянты 2784,35 кмг. Корук түн. тайга м-н тоолуу тундраны, о. эле жапайы түн. бугусун коргоо ж-а аларды сактап калуу максатында 1930-ж. 17-январда уийнулган. 1985-ж. ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк координациялык борборунун чечими м-н Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерват тармагына кирген. Биосфералык резерваттын негизги проблемасы - биол. ар түрдүүлүктү сактап калуу ж-а глобалдык
экол. мониторинг. Коруктагы аймактын 52% ин токой, 36% ин аскалар м-н тоо тундрасы, 4%ин көл м-н дарыялар түзөт. Анын негизги баалуулугу болгон көп жылдык дарактардын жашы 400-600 жыл. Л. к-нда түтүктүү өсүмдүктүн 559 (а. и. 5 түрү Россиянын Кызыл китебине кирген), мамык чөптүн 231, эңилчектин 115, калпактуу козу карындын 209 түрү бар. Жаныбарлардан сүт эмүүчүлөрдүн 31, канаттуулардын 198, сойлоочулардын 2, жерде-сууда жашоочулардын 1, балыктын 15 түрү ж-а РФтин Кызыл китебине кирген кадимки берметчен моллюскасы байырлайт.