ЛАМИНАРДЫК АГЫМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛАМИНАРДЫК АГЫМ (лат. 1аш1па - пластин­ка, жол-жол) - катмарланып бир тартипке кел­тирилген суюктук же газ агымы. Л. а. илээш­кек эмес суюктуктарда же кичине ылдамдык­тарда, о. эле кичине өлчөмдүү нерселерди суюк­тук каптап, жай агып өтүптүндө пайда болот. Л. а. ичке (капиллярдык) түтүктөрдө, подшип­никтердеги майларда, суюктукту (газды) айла­нып өтүүдө четки катмарда байкалат. Суюктук­тун ылдамдыгы көбөйгөндө кандайдыр бир моменттен баштап, Л. а. турбуленттик агым­га өтөт. Ал»учурда суюктуктун бардык касиет­тери, айрыкча агымдын структурасы, ылдам­дыктын профили^ каршылык закону өзгөрөт. Суюктуктун агымынын режими Рейнольдс саны 2?е м-н мүнөздөлөт. 7?е мааниси кризис /?е((р че­гинен кичине болсо, суюктуктун Л. а-ы жүрөт. Эгерде 7?е>7?екр болсо, турбуленттик агым пайда болот. Ее( р мааниси каралуучу агымдын түрүнө көз каранды. Цилиндр түрүндөгү түтүктөрдө /?екр=2300 (эгерде кесилиш б-ча орт. ылдамдык мүнөздүү ылдамдык, ал эми түтүктүн диаметри мүнөздүү өлчөм деп эсептелсе) болот. 7?екр<2300 кезинде мындай түтүктө Л. а. жүрөт. Түтук б-ча илээшкек суюктуктардын Л. а-ы Пуазейль за­кону м-н аныкталат.