ЛАБАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛАБАН - карлуктарга караштуу уруулар. Л. тууралуу маалыматтар о. кылымдагы араб авторлорунун эмгектеринде кезигет. Араб гео­графы Истахри Абу Исхак (10-к.) «Мамлекет­тин байлыгы жөнүндө китеп» аттуу эмгегинде кыргыздардын өлкөсү Усрушан, Фергана, Илак, Шелжи, Л. аймактарынан ары жайгашкан, же кыргыздар Л-дар турган жерден кийинки тоо этектеринде жашаган деп эскерет. Араб тарых­чысы ж-а саякатчысы Мукаддаси Шамсидин Абу Абдаллах (10-к-дын аягы) «Өлкөнү билүүнүн жолдору» эмгегинде Л. деген жер (шаар) Нева­кент (азыркы Орловка кыш.) ш-на жакын жай­гашкандыгы ж-дө маалыматтарды калтырган. Фарсы тилинде белгисиз автор тарабынан жа­зылган «Худуд ал-алам» тарыхый-геогр. чыгар­масында карлуктарга таандык шаарлардын бири катары Л-дар жашаган Карминкет деген чоң кыштак эскерилет. Ал Чүйдөн Ысык-Көлгө кетчү жолдо Узкет м-н Тоңдун (Тонг) ортосунан орун алган. Кээ бир тарыхчылардын пикирин­де ал азыркы Кемин өрөөнүндө жайгашкан.

Ад.: Караев О. Арабские и персидские источники 1Х-ХП веков о киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Мате­риалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2002. Э. Турганбаев.