БОЗБУТОО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БОЗБУ-ТОО''' Чаткал кырка тоосу менен Нарын дарыясынын аралыгынан орун алган. Чыгыш жагы<font color='green'>н</font>дагы Ат-Ойнок тоосунан Кара-Суу суусу бөлүп турат; батыш жагы жапыздап, Пишкаран о<font color='green'>й</font>дуӊчасына өтөт. Уз. 30 ''км'', туурасы 14 ''км'', эӊ бийик жери – Шилби чокусу (2876 ''м''). Тоонун негизин палеозой заманынын порфит, туф жана кумдук, акиташ тоо тектери түзөт, капталдары<font color='green'>н</font>да мезозой чөкмөлөрү жатат. Түштүк этектерин палеогендин кызыл чополуу тектеринен ту<font color='green'>р</font>ган адырлар ээлейт. Жарым чөл, кургак жана шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыттуу түштүк-батыш этегинде (Майлы-Сай) нефть кени бар. | ||
[[Category: 2-том ]] | [[Category: 2-том ]] | ||
08:52, 30 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БОЗБУ-ТОО Чаткал кырка тоосу менен Нарын дарыясынын аралыгынан орун алган. Чыгыш жагындагы Ат-Ойнок тоосунан Кара-Суу суусу бөлүп турат; батыш жагы жапыздап, Пишкаран ойдуӊчасына өтөт. Уз. 30 км, туурасы 14 км, эӊ бийик жери – Шилби чокусу (2876 м). Тоонун негизин палеозой заманынын порфит, туф жана кумдук, акиташ тоо тектери түзөт, капталдарында мезозой чөкмөлөрү жатат. Түштүк этектерин палеогендин кызыл чополуу тектеринен турган адырлар ээлейт. Жарым чөл, кургак жана шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыттуу түштүк-батыш этегинде (Майлы-Сай) нефть кени бар.