453-бет 2-бөлүк: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>453-бет 2-бөлүк</b> | <b type='title'>453-бет 2-бөлүк</b> | ||
бир жылдык тарбиялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Окутуунун жаңы системасы 4 жыл­дык башталгыч ж-а 6 жылдык орто мектеп. 1974–75-окуу жылында жалпыга милдеттүү 10 жылдык орто билим алууга мектеп окуучула­рынын 95%и тартылган. 1975-жылдан кайра жалпыга милдеттүү 11 жылдык билим берүү башталган. 1980-жылы КЭДРде 4780 башталгыч, | '''''бир жылдык тарбиялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Окутуунун жаңы системасы 4 жыл­дык башталгыч ж-а 6 жылдык орто мектеп. 1974–75-окуу жылында жалпыга милдеттүү 10 жылдык орто билим алууга мектеп окуучула­рынын 95%и тартылган. 1975-жылдан кайра жалпыга милдеттүү 11 жылдык билим берүү башталган. 1980-жылы КЭДРде 4780 башталгыч, | ||
4 125 толук орто, 600дөн ашуун жог. атайын орто билим берүүчү мектеп иштеген. 1990-жыл­дары 250гө жакын ЖОЖдору иштеп турган, а. и. Ким Ир Сен атн. Мамл. ун-ти (1946), Ким | 4 125 толук орто, 600дөн ашуун жог. атайын орто билим берүүчү мектеп иштеген. 1990-жыл­дары 250гө жакын ЖОЖдору иштеп турган, а. и. Ким Ир Сен атн. Мамл. ун-ти (1946), Ким | ||
Чхек атн. Политех ин-ту, Вонсан а. ч. ин-ту, Хыннам политех. ин-ту бар. КЭДРде 1951-жыл­дары Борб. тоо-кен ин-ту, Табигый ж-а тех. илимдер б-ча Борб хим ин-ту, түзүлгөн. 1952-ж. КЭДР ИА негизделген. Пхеньянда Мамл. борб. китепкана (1945), Корея рев-я музейи (1948), Борб. тарых музейи (1928), Көркөм сүрөт | Чхек атн. Политех ин-ту, Вонсан а. ч. ин-ту, Хыннам политех. ин-ту бар. КЭДРде 1951-жыл­дары Борб. тоо-кен ин-ту, Табигый ж-а тех. илимдер б-ча Борб хим ин-ту, түзүлгөн. 1952-ж. КЭДР ИА негизделген. Пхеньянда Мамл. борб. китепкана (1945), Корея рев-я музейи (1948), Борб. тарых музейи (1928), Көркөм сүрөт | ||
өнөрүнүн борб. музейи (1954) бар. 1991-жылдан | өнөрүнүн борб. музейи (1954) бар. 1991-жылдан | ||
баштап ЖОЖдордо реформанын жаңы долбоо­ру иштелип чыккан. Окуу жайлардын ичинде ин-ттар, атайын коллеждер ачыла баштаган. Калктын сабаттуулугу 99%ти түзөт (2008). | баштап ЖОЖдордо реформанын жаңы долбоо­ру иштелип чыккан. Окуу жайлардын ичинде ин-ттар, атайын коллеждер ачыла баштаган. Калктын сабаттуулугу 99%ти түзөт (2008).''''' | ||
==Массалык-маалымат каражаттары== | =='''''Массалык-маалымат каражаттары'''''== | ||
. 5 млндон ашык гезит-журналдар чыгарылат (2008). «Мин­чжу Чосон», «Нодом синмун», «Чосон инмин­гун», «Нодон чхоннен» ж. б. күн сайын чыгуу­чу гезиттери, «Кыллоджа», «Чхоллима», «Чо­сон есуль», «Корея» сыяктуу ай сайын чыгуучу журналдары бар. 1945-жылдан Борб. ж-а Пхе­ньян радиостанциялары пайда болгон. Ал эми 1967-жылдан Борб. ж-а 1971-жылдан Кэсон те­лекөрсөтүүсү, о. эле Мамл. маалымат агентти­ги – Корея телеграф агенттиги негизделген. | '''''. 5 млндон ашык гезит-журналдар чыгарылат (2008). «Мин­чжу Чосон», «Нодом синмун», «Чосон инмин­гун», «Нодон чхоннен» ж. б. күн сайын чыгуу­чу гезиттери, «Кыллоджа», «Чхоллима», «Чо­сон есуль», «Корея» сыяктуу ай сайын чыгуучу журналдары бар. 1945-жылдан Борб. ж-а Пхе­ньян радиостанциялары пайда болгон. Ал эми 1967-жылдан Борб. ж-а 1971-жылдан Кэсон те­лекөрсөтүүсү, о. эле Мамл. маалымат агентти­ги – Корея телеграф агенттиги негизделген.''''' | ||
. 1950- жылдарда түзүлгөн КРда оор | '''Адабияты.''' 1945-жылы Түштүк Корея япон баскын­чылыгынан бошотулгандан кийин 1950-жылдар­дын башына чейин Түштүк Корей адабиятында улут­тук көз карандысыздык үчүн күрөш ж-а Түштүк Корей табиятынын кооздугу жөнүндө жазышкан (Юн Тон Жу, Пак Ту Жин, Пак Мог Воль). Кээ бир жазуучулар адабият аркылуу идеологиялык ж-а тап­тык карама-каршылыктарды көрсөтүүгө умту­лушса (Ли Тхэ Жун), башкалары адам жашоо­сунун маани-маңызын түшүнүүгө аракеттениш­кен (Ким Тон Ни ж. б.). 1950-жылдардагы про­зада Түндүк м-н Түштүктүн ортосундагы согуш (1950–53), анын терс таасири (Хван Сун Вон ж. б.) ж-а улуттук салт унутулуп баратканды­гы (Со Ки Вон) чагылдырылган. Поэзия да со­гуш темасына арналган (Чо Чи Хун, Ку Сан). 1960–70-жылдардагы прозалык чыгармаларда жаңы пессимисттик мотивдер пайда болгон (Чхве Ин Хун, Ким Сын Ок). Поэзия өзүнө батыш модернизм м-н салттуу лиризмди (Ли Хён Ги) айкалыштырган. 1970–80-жылдардагы (ин­дустриялаштыруу ж-а саясий куугунтуктоолор мезгили) адабияттын негизги темалары – байлык м-н жакырлыктын ортосундагы айырмалар, ин­сандын деградациясы, ата-эне м-н баланын ор­тосундагы мамилелер (Чо Се Хи, Чхве Ин Хо, Пак Ван Со ж. б.). Поэзияда өкмөткө каршы маанай басымдуулук кылган (Ким Чи Ха ж. б.). 1980–90-жылдарда прозада адам м-н саясий система­нын өз ара мамилеси, адамдын руханий, идеологиялык ж-а саясий зомбулуктарга каршылык көрсөтүүсү, корей элинин өткөндөгү, учурдагы башынан кечирип жаткан окуялары жөнүндөгү (Хван Со Гён, Чо Чон Нэ, Пак Кён Ни) тарыхый романдары жазылган. Поэзияга эмгек темасы (Пен Но Хе), урбанизация мотивдери (Чхве Сып Хо) мүнөздүү болгон. 1990–2000-жылдардагы адабиятта корей жа­зуучуларынын корей улутунун экиге бөлүнүшү, салттык дөөлөттөр м-н индустриялыктан ки­йинки коомдун идеалдарынын ортосундагы ке­лишпестик мамилеси чагылдырылган (Ли Мун Ёль ж. б.), акындар тарыхка (Ко Ын ж. б.), ошондой эле корейлердин заманбап жашоосуна (Чон Хён Джон) кайрылышкан. Корей Республикасынын по­эзиясында адамдын руханий (буддисттик) таза­руу мотиви көрүнүктүү орунга ээ. | ||
өлкөлүк | |||
өлкөдөн билим алган | '''Архитектура жана сүрөт искусствосу.''' 1950- жылдарда түзүлгөн КРда оор экономикалык жагдай 1960- жылдарда архитектуранын жаңы өнүгүү этабы чет өлкөлүк архитектуранын тажрыйбасын өздөштүрүүгө модернизм архитектурасынын жетишкендиктерине бай­ланыштуу таасирленүү м-н өнүгө баштаган. Чет өлкөдөн билим алган архитектор Ким Чхунг Он. Ле | ||
Корбюзенин эмгектерине Сеулда Франция элчи­лигинин имараты (1962), «Самилло Билдинг» | Корбюзенин эмгектерине Сеулда Франция элчи­лигинин имараты (1962), «Самилло Билдинг» асман тиреген имаратын (1968–70) – корей архитекту­расынын салттык элементтерин колдонуп, ин­тернационалдык стилде долбоорлогон. Ким Су Гун экспрессионизм ж-а брутализм агымында­гы архитектуралык курулуштарды долбоорлогон: Сеул­дагы «Эркиндик Борбору» ансамбли (1962–65), Олимпиадалык стадион (1977–84), Чхонжуда­гы Улуттук музей (1979–87) салттык корей арх­итектурасына жакын. 1980-жылдарда Кореяда негизинен постмодернизм Түштүк Чхунчхон провинциясын­дагы «Көз карандысыз залы» комплекси ж. б. стилиндеги курулуштар долбоорлонгон: Роден Музейи (1997). Самсунг Лиум иск-во музейи (2004, арх-лор М. Ботта, Ж. Пувель, Р. Кол­хаз), Сеулдагы кампусунун борбору Ихва аял­дар ун-тинин (2008, Д. Перро) ж. б. 1950-жыл­дары көркөм сүрөт иск-восунда бир нече агым­дар өкүм сүргөн. Салттык тушь живописинде иштеген сүрөтчүлөр пейзаж ж-а «гүл-чымчык» жанрында реалисттик батыш иск-восунун ык­маларын колдонушкан (Но Су Хён, Хо Паек Нён) 1957-ж. түзүлгөн «Жаш сүрөтчүлөрдүн ассоциа­циясы» бирикмесине абстракттык экспрессио­низмге ыктаган живописчилер кирип, кийин­черээк «Формалдуу эмес искусство» көркөм кый­мылына кошулушкан (Пак Со Бо, Ким Чхан Йол, Юн Мён Но) алар Корей Респ-нын иск-во­сун 1960-жылдардагы өнүгүүсүн аныктаган о. эле | ||
асман тиреген имаратын (1968–70) – корей | |||
Олимпиадалык стадион (1977–84), Чхонжуда­гы Улуттук музей (1979–87) салттык корей арх­ | |||
салттык багыттагы сүрөтчүлөргө таасир берген. Скульптура да өнүккөн, көрүнүктүү өкүлдөрү: Юн Хе Жун, Квон Жин Гю, Ким Ген Сын. 1970- жылдары К-нын сүрөт иск-восунда «Монохром» бирикмеси чоң роль ойногон. 1980-жылдары Сон Су Нам ж-а Хон Сок Чан жетектеген «Сумукх­ва» («Тушь») кыймылы тушь живописи техни­касына ыкташкан. | салттык багыттагы сүрөтчүлөргө таасир берген. Скульптура да өнүккөн, көрүнүктүү өкүлдөрү: Юн Хе Жун, Квон Жин Гю, Ким Ген Сын. 1970- жылдары К-нын сүрөт иск-восунда «Монохром» бирикмеси чоң роль ойногон. 1980-жылдары Сон Су Нам ж-а Хон Сок Чан жетектеген «Сумукх­ва» («Тушь») кыймылы тушь живописи техни­касына ыкташкан. | ||
05:39, 26 Май (Бугу) 2026 -деги абалы
453-бет 2-бөлүк
бир жылдык тарбиялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Окутуунун жаңы системасы 4 жылдык башталгыч ж-а 6 жылдык орто мектеп. 1974–75-окуу жылында жалпыга милдеттүү 10 жылдык орто билим алууга мектеп окуучуларынын 95%и тартылган. 1975-жылдан кайра жалпыга милдеттүү 11 жылдык билим берүү башталган. 1980-жылы КЭДРде 4780 башталгыч, 4 125 толук орто, 600дөн ашуун жог. атайын орто билим берүүчү мектеп иштеген. 1990-жылдары 250гө жакын ЖОЖдору иштеп турган, а. и. Ким Ир Сен атн. Мамл. ун-ти (1946), Ким Чхек атн. Политех ин-ту, Вонсан а. ч. ин-ту, Хыннам политех. ин-ту бар. КЭДРде 1951-жылдары Борб. тоо-кен ин-ту, Табигый ж-а тех. илимдер б-ча Борб хим ин-ту, түзүлгөн. 1952-ж. КЭДР ИА негизделген. Пхеньянда Мамл. борб. китепкана (1945), Корея рев-я музейи (1948), Борб. тарых музейи (1928), Көркөм сүрөт өнөрүнүн борб. музейи (1954) бар. 1991-жылдан баштап ЖОЖдордо реформанын жаңы долбоору иштелип чыккан. Окуу жайлардын ичинде ин-ттар, атайын коллеждер ачыла баштаган. Калктын сабаттуулугу 99%ти түзөт (2008).
Массалык-маалымат каражаттары
. 5 млндон ашык гезит-журналдар чыгарылат (2008). «Минчжу Чосон», «Нодом синмун», «Чосон инмингун», «Нодон чхоннен» ж. б. күн сайын чыгуучу гезиттери, «Кыллоджа», «Чхоллима», «Чосон есуль», «Корея» сыяктуу ай сайын чыгуучу журналдары бар. 1945-жылдан Борб. ж-а Пхеньян радиостанциялары пайда болгон. Ал эми 1967-жылдан Борб. ж-а 1971-жылдан Кэсон телекөрсөтүүсү, о. эле Мамл. маалымат агенттиги – Корея телеграф агенттиги негизделген.
Адабияты. 1945-жылы Түштүк Корея япон баскынчылыгынан бошотулгандан кийин 1950-жылдардын башына чейин Түштүк Корей адабиятында улуттук көз карандысыздык үчүн күрөш ж-а Түштүк Корей табиятынын кооздугу жөнүндө жазышкан (Юн Тон Жу, Пак Ту Жин, Пак Мог Воль). Кээ бир жазуучулар адабият аркылуу идеологиялык ж-а таптык карама-каршылыктарды көрсөтүүгө умтулушса (Ли Тхэ Жун), башкалары адам жашоосунун маани-маңызын түшүнүүгө аракеттенишкен (Ким Тон Ни ж. б.). 1950-жылдардагы прозада Түндүк м-н Түштүктүн ортосундагы согуш (1950–53), анын терс таасири (Хван Сун Вон ж. б.) ж-а улуттук салт унутулуп бараткандыгы (Со Ки Вон) чагылдырылган. Поэзия да согуш темасына арналган (Чо Чи Хун, Ку Сан). 1960–70-жылдардагы прозалык чыгармаларда жаңы пессимисттик мотивдер пайда болгон (Чхве Ин Хун, Ким Сын Ок). Поэзия өзүнө батыш модернизм м-н салттуу лиризмди (Ли Хён Ги) айкалыштырган. 1970–80-жылдардагы (индустриялаштыруу ж-а саясий куугунтуктоолор мезгили) адабияттын негизги темалары – байлык м-н жакырлыктын ортосундагы айырмалар, инсандын деградациясы, ата-эне м-н баланын ортосундагы мамилелер (Чо Се Хи, Чхве Ин Хо, Пак Ван Со ж. б.). Поэзияда өкмөткө каршы маанай басымдуулук кылган (Ким Чи Ха ж. б.). 1980–90-жылдарда прозада адам м-н саясий системанын өз ара мамилеси, адамдын руханий, идеологиялык ж-а саясий зомбулуктарга каршылык көрсөтүүсү, корей элинин өткөндөгү, учурдагы башынан кечирип жаткан окуялары жөнүндөгү (Хван Со Гён, Чо Чон Нэ, Пак Кён Ни) тарыхый романдары жазылган. Поэзияга эмгек темасы (Пен Но Хе), урбанизация мотивдери (Чхве Сып Хо) мүнөздүү болгон. 1990–2000-жылдардагы адабиятта корей жазуучуларынын корей улутунун экиге бөлүнүшү, салттык дөөлөттөр м-н индустриялыктан кийинки коомдун идеалдарынын ортосундагы келишпестик мамилеси чагылдырылган (Ли Мун Ёль ж. б.), акындар тарыхка (Ко Ын ж. б.), ошондой эле корейлердин заманбап жашоосуна (Чон Хён Джон) кайрылышкан. Корей Республикасынын поэзиясында адамдын руханий (буддисттик) тазаруу мотиви көрүнүктүү орунга ээ.
Архитектура жана сүрөт искусствосу. 1950- жылдарда түзүлгөн КРда оор экономикалык жагдай 1960- жылдарда архитектуранын жаңы өнүгүү этабы чет өлкөлүк архитектуранын тажрыйбасын өздөштүрүүгө модернизм архитектурасынын жетишкендиктерине байланыштуу таасирленүү м-н өнүгө баштаган. Чет өлкөдөн билим алган архитектор Ким Чхунг Он. Ле Корбюзенин эмгектерине Сеулда Франция элчилигинин имараты (1962), «Самилло Билдинг» асман тиреген имаратын (1968–70) – корей архитектурасынын салттык элементтерин колдонуп, интернационалдык стилде долбоорлогон. Ким Су Гун экспрессионизм ж-а брутализм агымындагы архитектуралык курулуштарды долбоорлогон: Сеулдагы «Эркиндик Борбору» ансамбли (1962–65), Олимпиадалык стадион (1977–84), Чхонжудагы Улуттук музей (1979–87) салттык корей архитектурасына жакын. 1980-жылдарда Кореяда негизинен постмодернизм Түштүк Чхунчхон провинциясындагы «Көз карандысыз залы» комплекси ж. б. стилиндеги курулуштар долбоорлонгон: Роден Музейи (1997). Самсунг Лиум иск-во музейи (2004, арх-лор М. Ботта, Ж. Пувель, Р. Колхаз), Сеулдагы кампусунун борбору Ихва аялдар ун-тинин (2008, Д. Перро) ж. б. 1950-жылдары көркөм сүрөт иск-восунда бир нече агымдар өкүм сүргөн. Салттык тушь живописинде иштеген сүрөтчүлөр пейзаж ж-а «гүл-чымчык» жанрында реалисттик батыш иск-восунун ыкмаларын колдонушкан (Но Су Хён, Хо Паек Нён) 1957-ж. түзүлгөн «Жаш сүрөтчүлөрдүн ассоциациясы» бирикмесине абстракттык экспрессионизмге ыктаган живописчилер кирип, кийинчерээк «Формалдуу эмес искусство» көркөм кыймылына кошулушкан (Пак Со Бо, Ким Чхан Йол, Юн Мён Но) алар Корей Респ-нын иск-восун 1960-жылдардагы өнүгүүсүн аныктаган о. эле салттык багыттагы сүрөтчүлөргө таасир берген. Скульптура да өнүккөн, көрүнүктүү өкүлдөрү: Юн Хе Жун, Квон Жин Гю, Ким Ген Сын. 1970- жылдары К-нын сүрөт иск-восунда «Монохром» бирикмеси чоң роль ойногон. 1980-жылдары Сон Су Нам ж-а Хон Сок Чан жетектеген «Сумукхва» («Тушь») кыймылы тушь живописи техникасына ыкташкан.
Музыкасы
. Муз. мад-ты негизинен батыш үлгүсүнө багытталган. Театр сахналарында европ. классикалык опералар коюлган (1948, «Травиата», Ж. Верди). Көптөгөн кореялык музыканттар чет өлкөдөн (АКШ, 1980-жылдары СССР, Россия) билим алышкан. 1980–90-жылдары мамлекеттин колдоосунда салттык классикалык ж-а элдик муз. мад-т кайрадан жаралган. Элдик музыканын мурастарын сактоо ж-а өнүктүрүү иштерин Сеулдагы Мамл. салттык музыка ж-а бий борбору жүргүзөт (1951-ж. классикалык музыканын Улуттук ин-ту катары түзүлгөн); муз. окуу жайларында корей классикалык аспаптарында ойноого үйрөтүшөт. Салттык аткаруучулардын арасынан ырчылар Ли Чу Ван, Ан Пи Чхви, Ким Ок Сим; аспапчылар Сон Кым Рен, Син Кве Дон (цитра каягым), Ли Сон Ге (чоор тэгым). КРда 1960–70-жылдары жаз музыкасы таралган, америкалык үлгүдөгү электргитара ж-а рок-музыка, электрондук аспаптар ж-а синтезаторлор колдонулган, поп-музыканын өзгөчө формасы өнүккөн. 1980-жылдары К-нын муз. мад-тына заманбап япон музыкасы таасир берген. Көп сандаган театрлар, ар кыл коллективдер, концерттик, ил. ж-а билим берүү мекемелери жайгашкан Сеул – муз. мад-тын очогу. Седжон атн. Мад-т борборунун концерттик залында чоң орган орнотулган (1978). Ири муз.- мад-т борборлору: Сеул иск-во борбору (1988– 93); Опера үйү (Опера театры, чоң ж-а кичине концерттик залдары м-н); о. эле Корей Респ-нын Улуттук театры, 30дан ашуун симф. оркестрлер иштейт. 1993-ж. Улуттук муз. мектеп (батыш тибиндеги биринчи консерватория) ачылган. Жыл сайын музыка, театр фестивалдары өтүп турат.
Театры
. 1945-ж Сеулда театр бирикмеси уюшулуп, ага коммунисттик идеологияны карманган коллективдер кирген. Ушул жылы Ли Кван Ре «Улуттук сцена» театрын түзгөн. 1950-ж. Сеулда К. Улуттук театры уюшулган. Анын негизги репертуарын заманбап драмалар, тарыхый пьесалар ж-а дүйнөлүк классика түзгөн (У. Шекспир, Мольер, Ф. Шиллер). 1958-ж. Сеулда «Вонгакса» театры ачылып, анда эксперименттик труппалар заманбап батыш драмаларын коюшкан (Т. Ульямс, Ж. Осборн). 1962-ж. драма борбору, 1973-ж. ошол кездеги Борб. Азия б-ча эң ири театр борбору – улуттук мад-тты кайра жаратуу сарайы ачылган. 1970-ж. башында Мадангык театры өнүккөн (маданг – ачык аянт).

Актуалдуу маселелерди козгогон спектаклдер ачык асман алдында жасалгасыз, бийи муз. коштоосу жок өтөт. 21-к-дын башындагы театр ишмерлери: Пак Ге Бе, Чоң Вун Бонг, Джо Хен Гон ж. б. Ар жыл сайын эл аралык театр фестивалдары Сеулда (1977-жылдан), Кочханда (1989), Сувондо (1996), «Сеул фринж фестивал»(1998) өтүп турат. 1980–2000-ж. Сеулда
«Конган Саранъ» театрынын Кичи залында, «Сэмто Паренсе» ж-а «Кумнаму» театрларында профессионал куурчак труппалары иштейт. Сеулда ж-а Пусанда эл аралык куурчак театрларынын фестивалдары өтөт.
Киносу
. 1940-жылдардын Корей кинематографиясынын өнүгүшүнө Түштүк м-н Түндүктүн ортосундагы согуш тоскоолдук кылган. Киноиндустрия 1953-ж. кийин жандана баштаган. Негизги жанры мелодрама болгон. «Чхунхай жөнүндө аңгеме» (1955, реж. Ли Гю Хван) фильми ийгиликке жетишкен. Көпчүлүк фильмдердин негизги каармандары өз тагдырын өзү аныктаган эрки күчтүү аялдар болгон. 1960-ж. фильмдердин жанрдык диапазону кеңейип, турмуштук комедиялар, жоокердик өнөрдүн элементтерин камтыган курч окуялуу фильмдер, аскердик драмалар чыгарылган. Корей кинематографисттери Голливуддун ж-а итал. неореализмдин тажрыйбасын үйрөнүшкөн. 1960-жылдардагы алдынкы режиссёрлор: Ким Ки Ён («Кызматчы аял», 1960), Кан Де Жин («Арабакеч», 1961, ЭКФ сыйл., Батыш Берлин), Ю Хен Мок («Жаздым тийген ок», 1961) Ким Су Ён («Деңиз жээгиндеги кыштак», 1965) ж. б. 1970-жылдары кинематография кризиске учураган. 1980- жылдары көңүл бурулуп, көпчүлүк фильмдердин авторлору динге – буддизмге, руханий изденүүгө, салттык тажрыйбага кайрылышкан («Мандала», 1981, реж. Им Квон Тэк; «Эмне үчүн Бодхидхарма чыгышка кетти», 1989, реж. Пе Ён Гюн). 1990–2000-ж. Корей Респ-нын фильмдери улуттук прокатта Голливуддун фильмдери м-н теңтайлашкан. Көп фильмдер 1950–53-ж. согушка, Кореянын бөлүнүп калуу трагедиясына арналган. 20–21-к-дагы Корея кино тармагынын чеберлери: Пак Хван Су («Күндүн чыгышы», 1999, ЭКФ сыйл., Локарно), Чан Сон У («Калп», 1999), Ли Чхан Дон («Оазис», 2002, ЭКФ сыйл., Венеция), ж. б. 1996-жылдан Пусанда, 2000-жылдан Чонжоуда жыл сайын Эл аралык кинофестивалдар өтүп турат.
Ад.: Юн И. 80 лет истории корейской архитектуры
западного стиля. Сеул, 1966 (на кор. языке); Страны и народы Зарубежной Азии. Восточная и Центральная Азия. М., 1982; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Корея. Карманная энциклопедия. М., 2000; Ли Ги Бек. История Кореи: новая трактовка. М., 2000; Курбанов С. О. Курс лекций по истории Кореи: с древности до конца XX века. СПб., 2002; Толстокулаков И. А. Очерк истории Корейской культуры. Владивосток, 2002; Марков В. М. Искусство Республики Корея второй половины ХХ в. Владивосток, 2002; Чжин Хо О. Истоки корейского театра. М., 2003; Корея. Корейская Республика//Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010.