Де Гин: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ДЕ ГИН''' Жозеф [фр. de Guignes Joseph (19. 10. 1721, [[Франция]], Понтуаз – 19. 03. 1800, [[Париж]])] – [[француз]] чыгыш таануучусу (синолог), педагог, котормочу, [[сирия тили]] боюнча профессор, Лондон Королдук коомунун мүчөсү. Де Гин негизинен дүйнөлүк илимий чөйрөгө «Гунндар, түрктөр, моңголдор жана башка батыш татарлардын жалпы тарыхы» (фр. «Histoire générale des Huns, des Turcs, des Mongoles et des autres Tartares Occidentaux», Париж, 1756–1758) атуу эмгеги менен кеңири таанылган. Ал [[Борбордук Азия]]дагы көчмөн элдердин келип чыгышы, байыркы мезгилде алар мекендеген аймактар, ошондой эле кеңири географиялык аталыштар ([[топоним]]), [[этноним]]дерди илимий тартипке салып, алардын хронологиялык иретин тактап чыгууга аракет жасалган эң алгачкы эмгек болуп эсептелет. Окумуштуу ошол кезде жарык көргөн [[кытай]] ж. б. чыгыш жазма булактарынын батыш авторлорунун эмгектерине салыштырып, тактап чыгып, көптөгөн баалуу маалыматтарга кошумча түшүндүрмө берген. Мисалы, де Гин биринчилерден болуп өз эмгегинде [[усундар]] «Иртыш жана Иле дарыяларынан баштап Сайрамга» чейин мекендеп жүргөн деген пикирге келген. Ошондой эле ал «Цигу» деген антропоним «к[[ыргыз]]» (ki-kou, kie-kou) этнонимине (кара: [[Байыркы кыргыздар]]) тиешелүү экенин алгачкы жолу эске алган. Аталган эмгекти өз учурунда В. В. [[Бартольд]], Н. А. [[Аристов]] сыяктуу ж.б. илимпоздор өз изилдөөлөрүндө кеңири пайдаланышкан. Борбордук Азия, анын ичинде [[Кыргызстан]]дын тарыхы жана географиясын окууда бул эмгек баалуу тарыхый булактардын бири болуп эсептелет.  
'''ДЕ ГИН''' Жозеф [фр. de Guignes Joseph (19. 10. 1721, [[Франция]], Понтуаз – 19. 03. 1800, [[Париж]])] – [[француз]] чыгыш таануучусу (синолог), педагог, котормочу, [[сирия тили]] боюнча профессор, Лондон Королдук коомунун мүчөсү. Де Гин негизинен дүйнөлүк илимий чөйрөгө «Гунндар, түрктөр, моңголдор жана башка батыш татарлардын жалпы тарыхы» (фр. «Histoire générale des Huns, des Turcs, des Mongoles et des autres Tartares Occidentaux», Париж, 1756–1758) атуу эмгеги менен кеңири таанылган. Ал [[Борбордук Азия]]дагы көчмөн элдердин келип чыгышы, байыркы мезгилде алар мекендеген аймактар, ошондой эле кеңири географиялык аталыштар ([[топоним]]), [[этноним]]дерди илимий тартипке салып, алардын хронологиялык иретин тактап чыгууга аракет жасалган эң алгачкы эмгек болуп эсептелет. Окумуштуу ошол кезде жарык көргөн [[кытай]] ж. б. чыгыш жазма булактарынын батыш авторлорунун эмгектерине салыштырып, тактап чыгып, көптөгөн баалуу маалыматтарга кошумча түшүндүрмө берген. Мисалы, де Гин биринчилерден болуп өз эмгегинде [[усундар]] «Иртыш жана Иле дарыяларынан баштап Сайрамга» чейин мекендеп жүргөн деген пикирге келген. Ошондой эле ал «Цигу» деген антропоним «к[[ыргыз]]» (ki-kou, kie-kou) этнонимине (кара: [[Байыркы кыргыздар]]) тиешелүү экенин алгачкы жолу эске алган. Булардан тышкары 638-жылы [[Батыш түрк кагандыгы]]нын эки хандыкка ажырап, [[Иле дарыясы]]нын батышынан [[Аму-Дарыя]]га чейинки аймакка ээ болгон [[Дулу-хан]] (638–653) өз ордосун Цзихэ (Tsou-ho) тоосунун батышына көчүрүшүнө талдоо жасап, ал тоо [[Тараз]] тарапта экенин көрсөткөн. Аталган эмгекти өз учурунда В. В. [[Бартольд]], Н. А. [[Аристов]] сыяктуу ж.б. илимпоздор өз изилдөөлөрүндө кеңири пайдаланышкан. Борбордук Азия, анын ичинде [[Кыргызстан]]дын тарыхы жана географиясын окууда бул эмгек баалуу тарыхый булактардын бири болуп эсептелет.  


Ад.: Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001.
Ад.: Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001.

04:52, 14 Апрель (Чын куран) 2026 -деги абалы

ДЕ ГИН Жозеф [фр. de Guignes Joseph (19. 10. 1721, Франция, Понтуаз – 19. 03. 1800, Париж)] – француз чыгыш таануучусу (синолог), педагог, котормочу, сирия тили боюнча профессор, Лондон Королдук коомунун мүчөсү. Де Гин негизинен дүйнөлүк илимий чөйрөгө «Гунндар, түрктөр, моңголдор жана башка батыш татарлардын жалпы тарыхы» (фр. «Histoire générale des Huns, des Turcs, des Mongoles et des autres Tartares Occidentaux», Париж, 1756–1758) атуу эмгеги менен кеңири таанылган. Ал Борбордук Азиядагы көчмөн элдердин келип чыгышы, байыркы мезгилде алар мекендеген аймактар, ошондой эле кеңири географиялык аталыштар (топоним), этнонимдерди илимий тартипке салып, алардын хронологиялык иретин тактап чыгууга аракет жасалган эң алгачкы эмгек болуп эсептелет. Окумуштуу ошол кезде жарык көргөн кытай ж. б. чыгыш жазма булактарынын батыш авторлорунун эмгектерине салыштырып, тактап чыгып, көптөгөн баалуу маалыматтарга кошумча түшүндүрмө берген. Мисалы, де Гин биринчилерден болуп өз эмгегинде усундар «Иртыш жана Иле дарыяларынан баштап Сайрамга» чейин мекендеп жүргөн деген пикирге келген. Ошондой эле ал «Цигу» деген антропоним «кыргыз» (ki-kou, kie-kou) этнонимине (кара: Байыркы кыргыздар) тиешелүү экенин алгачкы жолу эске алган. Булардан тышкары 638-жылы Батыш түрк кагандыгынын эки хандыкка ажырап, Иле дарыясынын батышынан Аму-Дарыяга чейинки аймакка ээ болгон Дулу-хан (638–653) өз ордосун Цзихэ (Tsou-ho) тоосунун батышына көчүрүшүнө талдоо жасап, ал тоо Тараз тарапта экенин көрсөткөн. Аталган эмгекти өз учурунда В. В. Бартольд, Н. А. Аристов сыяктуу ж.б. илимпоздор өз изилдөөлөрүндө кеңири пайдаланышкан. Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстандын тарыхы жана географиясын окууда бул эмгек баалуу тарыхый булактардын бири болуп эсептелет.

Ад.: Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001.