КЛЕМЕНЦ Дмитрий Александрович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КЛЕМЕНЦ 1 to КЛЕМЕНЦ Дмитрий Александрович) |
(Айырма жок)
| |
03:35, 12 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КЛЕ́МЕНЦ Дмитрий Александрович [15. (27) 12. 1848, Самара губерниясы, Горяиновка кыштагы– 8 (21) 1. 1914, Москва] – орус окумуштуусу, археолог, этнограф, тарыхчы, географ, саякатчы. Казан (1867-жылдан), кийин Санкт-Петербург университетинде (1869–71) окуган. Санкт-Петербургдагы революциялык иштерге катышкандыгына байланыштуу 1873-жылы университетти бүтпөй, жашыруун абалга өткөн. 1879-жылы «Земля и воля» («Жер жана эрк») журналынын редактору болгон. Ушул эле жылы камакка алынып, Минусинскиге айдалган. Сибирде жүргөндө көп жыл геология, археология, этнография, тарых м-н алектенип, жер кыдырган. Орто Азиянын, Сибирдин бир катар жерин изилдейт. Иркутск, Минусинск музейлерин уюштурууга түздөн-түз көмөктөшөт. 1890-жылы Иркутскиге жайгашып, императордук орус географиялык коомунун Чыгыш-Сибирь бөлүмүнө мүчө болуп шайланат. Бир катар экспедицияларга, анын ичинде ИА уюштурган В. В. Радловдун экспедициясына катышат. «Восточное обозрение», «Сибирская газета» гезиттерине макалалар жазган. 1897–1903-жылдарда антропология ж-а этнография музейинде улук этнограф, 1903–10-жылдарда орус музейинин этнография бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Эмг.: Из прошлого. Воспоминания. Л., 1925.
Ад.: Федоров В. И. Революционный народник, учёный и просветитель Д. А. Клеменц. Красноярск, 1988.