БОДЕН КӨЛҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
28 март 2024, саат 11:52 учурдагы нуска
БО́ДЕН КӨЛҮ Германия, Швейцария ж-а Австрия мамлекеттеринин чек арасында, Альп өндүрүндөгү мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон өрөөндөн орун алган. Аянты 538 км2. Тереӊдиги 252 мге чейин. Түн.-батышы үчкө бөлүнөт. Жээктери дөбө-дөӊсөөлүү, түш.-чыгышы аскалуу. Көлдөн Рейн д. агып чыгат. Кеме жүрөт, паром байланышы бар. Балык кармалат. Курорттору бар. Жээгинде Констанц, Фридрихсхафен (Германия), Брегенц (Австрия) ш. жайгашкан.