БИР ТУТУМДУУ СҮЙЛӨМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
28 март 2024, саат 11:52 учурдагы нуска
БИР ТУТУМДУУ СҮЙЛӨМ – бир гана баш мүчөнүн: баяндоочтун, баяндоочтуу топтун негизинде уюшулуп, бүткөн бир ойду туюндурган, экинчи баш мүчөнүн – граммат. ээнин болушун талап кылбаган сүйлөм. Кыргыз тилиндеги Б. т. с. граммат. түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө карай беш түргө бөлүнөт: белгилүү жактуу сүйлөм, белгисиз жактуу сүйлөм, жалпылама жактуу сүйлөм, жаксыз сүйлөм, атама сүйлөм.