АЯТОЛЛА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

20 февраль 2022, саат 08:22 учурдагы нуска

(ар. ‒ «Алланын аяты», «Алланын белгиси») ‒ шииттерде дин башчыларына ыйгарылчу жогорку диний атак. Бул түшүнүк 19-к-дын 2-жарымында пайда болгон. Мындай атакты алгандар көптөгөн өлкөлөрдүн шиит коомдорунда кездешет. Иранда 1979-ж. ислам рев-ясынын учурунда 30га жакын адамга ыйгарылган. Кийинчерээк Иран Ислам Республика сынын башчысы Хомейни Рухолла атакты берүүгө чек коюп, бул маселени өзү чечип калган.