БИОТА ФАКТОРЛОРУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
28 март 2024, саат 11:52 учурдагы нуска
БИО́ТА ФАКТОРЛОРУ – бир түрдүн организмдеринин башка түрдүн организмдерине, о. эле аларды курчап турган жансыз чөйрөгө тийгизген таасирлеринин жыйындысы. Алар түр ичиндеги (демографиялык, экол. ж. б.) ж-а түр аралык (симбиоз, мутуализм, митечилик, жырткычтык ж. б.) болуп бөлүнөт. Өсүмдүктөр, жаныбарлар ж-а микроорганизмдердин арасындагы карым-катнаш өтө ар түрдүү болгондуктан, алар түз (бир түрдүн организмдеринин экинчи түрдүн организмдерине кескин таасир этиши) ж-а кыйыр (мис., өсүмдүктөр чөйрөнүн абиота факторлорунун режимин өзгөртүү аркылуу башка организмдер тобуна таасир этиши) байланышта болот.