БИОСИНТЕЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
28 март 2024, саат 11:52 учурдагы нуска
БИОСИ́НТЕЗ (био… ж-а синтез), – ферменттердин таасири м-н организмде жөнөкөй орг. заттардын пайда болуу процесси, зат алмашуунун бир бөлүгү. Бул процесс клеткаларда ферменттердин, аденозинтрифосфор, нуклеин к-таларынын (белок синтези), биол. активдүү заттардын, микроэлементтердин, күн энергиясынын ж. б. катышуусу м-н чөйрөнүн белгилүү бир шартында өтөт. Б. организмде амин к-тасы, углевод, май ж. б. орг. заттарды пайда кылат. Клеткада болуучу Б-дин мүнөзү ген. аппаратта коддолгон (к. Генетикалык код, Транскрипция), тукум куума маалыматтар аркылуу аныкталат. Микроорганизмдерде болуучу Б. витаминдерди, кээ бир гормондорду, антибиотиктерди, амин к-таларын, о. эле тоют белокторун алууда колдонулат.