БӨТӨН СӨЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
28 март 2024, саат 09:03 учурдагы нуска
БӨТӨН СӨЗ – жазууда же оозеки сүйлөөдө айтылган башка бирөөнүн сөзү. Б. с. колдонулушуна карай тике сөз ж-а кыйыр сөз болуп бөлүнөт. Б. с. лексикалык курамы, граммат. түзүлүшү жагынан өзгөртүлбөй берилсе тике сөз деп аталып, тырмакчанын ичинде жазылат (мис., «Уят өлүмдөн катуу», – деди Султан). Ал эми Б. с. өзгөртүлүп жалпы мазмуну гана сакталса, кыйыр сөз деп аталып, тырмакчага алынбай жазылат (мис., Султан уяттын өлүмдөн катуу экендиги жөнүндө дагы кайталап айтты).