БӨЙРӨК-ТУЗ ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
28 март 2024, саат 09:03 учурдагы нуска
БӨЙРӨК-ТУЗ ТУЗ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо р-нунда, Алабуга суусунун чатынан 4–4,5 км түш.-батышта, Көк-Мойнок кыш-нан 10 км аралыкта, деӊиз деӊг. 1950–2000 м бийиктикте. Мында калыӊдыгы 10–22 м, уз. 1 кмге созулган, арасында галит-глауберит туздарынын аралашмасы бар гипс катмары аныкталган. Аралашманын калыӊдыгы 0,5–3,6 м. Галиттин орт. өлчөмү – 74,55%. Туз мал жегенге жарайт. Запасы С2 категориясы б-ча 140,6 миӊ т.