АСАНБЕКОВ Төлөнбай: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 июль 2022, саат 12:49 учурдагы нуска

Төлөнбай (1925, Нарын обл., АкТалаа р-ну, Коңорчок кыш. – 1998, ошол эле жерде) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1945-жылдан Ак-Талаа р-нундагы Ленин атн. колхоздо жылкы ферма башчысы болуп иштеген. Ал жетектеген ферма жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1947-ж. фермадагы 84 бээден 84 кулун алып, аны чыгашасыз асыраган. Ленин ж. б. ордендер м-н сыйланган.