БОРБАШТАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
28 март 2024, саат 09:03 учурдагы нуска
БОРБАШТАР (Laniidae) – сайроочу таранчы сымалдар түркүмүнүн тукуму. Башы чоӊ, тумшугунун үстүӊкү учу алгыр куштардыкындай төмөн ийилип, быдырлуу, куйрук чалгындары узун. Уясын көбүнчө бадалдарга ж-а даракка салып, 4–6 чаар жумуртка тууйт. Б-дын туруктуу жашоочу ж-а келгин түрлөрү бар. Жер шарында 72 түрү таралган. Жашаган жерлерине карай алардын түсү ар кандай: тропиктеги Б. кызыл, жашыл, сары; мелүүн алкакта кара, күрөӊ. КМШ өлкөлөрүндө 9, Кырг-нда 4 түрү жашайт. Б. токой ж-а а. ч. зыянкечтерин кырып, пайда келтирет.