БОРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

28 март 2024, саат 09:03 учурдагы нуска

БОРА́ – деӊиз жээгиндеги айрым жерлерге мүнөздүү катуу соккон (40–60 м/сек) жерг. муздак шамал. Көбүнчө жылуу деӊиздердин жапыз кырка тоолор м-н чектеш жээктеринде болот. Мис., Адрия деӊизинин жээгинде, Кара деӊиздин Новороссийск ш. туштагы жээгинде байкалат. Адатта кышында пайда болот. Термин грекче түн., түндүктөн соккон шамал деген маанини билдирет.