АР-НАМЫС: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 июль 2022, саат 12:48 учурдагы нуска
– адамдын эл ж-а коом алдында өз кылганы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезип, ойлогону м-н кылганын адамгерчилик абийири м-н баалай билишин туюндурган коомдук-этикалык категория. Бул абийир, уят деген түшүнүктөргө маанилеш. А. – адамдын жүрүштурушун, турпатын баалай турган өтө маанилүү моралдык касиет, нравалык фактор. Моралдык
нормалар м-н эрежелерди, коомдук парзды аткаруу А.-н-ка байланыштуу. Коомдук максат
м-н мүдөө – А.-н-тын негизи. Керт баштын
мүдөөсүн коомдук мүдөөгө баш ийдирип, коомдук мүдөөнү жогору коё билүү А.-н-туулуктун
эң мыкты көрүнүшү болот. Кимдин А.-н. кандай экенин эл баалайт. Адамдын адамдык сапаты А.-н-тын тазалыгынан көрүнөт.