АМИНДӨӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 май 2022, саат 18:02 учурдагы нуска

түрдүү орг. бирикмелердеги суу-тектин же башка элементтин атомун же атомдордун топторун амин тобуна (NH2) алмаштыРУУ реакциясы. Реакция белгилүү шарттарда

аммиактын таасири м-н жүрөт. А. реакциясынан баштапкы заттарга жараша ар кандай би-рикмелер алынат. Галогеналкандарды аммиак-тын спирттеги эритмеси м-н ысытканда биринчилик, экинчилик, үчүнчүлүк аминдеринин аралашмасы ж-а аммонийдин төртүнчүлүк туздары пайда болот. Галогенкарбон к-талары аммиак м-н кошулганда амин к-таларын, ал эми галогенангидридцер аммиак м-н реакцияга кирип амидцерди пайда кылат. А. реакциясына, о. эле спирттер, кетондор, альдегиддер ж. б. кирет.