«БУКАРА» СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''«БУКАРА» СОЮЗУ ''' – Пишпек уездиндеги кыргыздардын кедей | '''«БУКАРА» СОЮЗУ ''' – Пишпек уездиндеги кыргыздардын кедей жана орто дыйкандарын бириктерген демократиялык уюму. Имаш ''Көбөков'' менен Бакретдин Саипбаевдин демилгеси боюнча 1917-жылы май айында түзүлгөн. «Букара» союзунун программасы элдин таламын коргоону, кыргыз элинин революциячыл аӊ-сезимин көтөрүүнү, демократиялык негизде жана мыйзамдуулукка таянып, кыргыз коомчулугунун турмушун жөнгө салууну белгилеген. Союздун уюштуруу съезди 1917-жылы 9–10-сентябрда Пишпекте өтүп, анын башкармасынын төрагалыгына Казан университетинин юридикалык факультетинин студенти Кожомурат ''Сарыкулаков'', орун басарлыгына И. Көбөков, Б. Саипбаев жана А. Барменов шайланган. Союздун алдында кооперациялык керек-жарак коому түзүлүп, ага 7159 адам мүчө болуп кирген. 1918-жылы ноябрда анын мүчөлөрүнүн саны 5 миӊге жетип, Түркстандагы эӊ ири коом болгон. «Букара» союзу большевиктердин жетекчилиги астында Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлигин орнотууда жана чыӊдоодо зор роль ойногон. Ал 1918-жылы май айында «Кыргыз пролетарларынын совети» болуп кайрадан түзүлгөн. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
3 апрель 2024, саат 05:59 учурдагы нуска
«БУКАРА» СОЮЗУ – Пишпек уездиндеги кыргыздардын кедей жана орто дыйкандарын бириктерген демократиялык уюму. Имаш Көбөков менен Бакретдин Саипбаевдин демилгеси боюнча 1917-жылы май айында түзүлгөн. «Букара» союзунун программасы элдин таламын коргоону, кыргыз элинин революциячыл аӊ-сезимин көтөрүүнү, демократиялык негизде жана мыйзамдуулукка таянып, кыргыз коомчулугунун турмушун жөнгө салууну белгилеген. Союздун уюштуруу съезди 1917-жылы 9–10-сентябрда Пишпекте өтүп, анын башкармасынын төрагалыгына Казан университетинин юридикалык факультетинин студенти Кожомурат Сарыкулаков, орун басарлыгына И. Көбөков, Б. Саипбаев жана А. Барменов шайланган. Союздун алдында кооперациялык керек-жарак коому түзүлүп, ага 7159 адам мүчө болуп кирген. 1918-жылы ноябрда анын мүчөлөрүнүн саны 5 миӊге жетип, Түркстандагы эӊ ири коом болгон. «Букара» союзу большевиктердин жетекчилиги астында Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлигин орнотууда жана чыӊдоодо зор роль ойногон. Ал 1918-жылы май айында «Кыргыз пролетарларынын совети» болуп кайрадан түзүлгөн.