БУДЁННОВКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

27 март 2024, саат 07:37 учурдагы нуска

БУДЁННОВКА – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Октябрь айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун оӊ өйүзүндө, Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 737 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кант ш-нан 8 км. 1930-ж. отурукташкан. Калкы 3900 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, бала бакча, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.