АЛТАЙ Айдарбек уулу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
No edit summary
imported>Mariya
(Айырма жок)

11 ноябрь 2022, саат 03:46 учурдагы нуска

АЛТАЙ Айдарбек уулу (1872, Нарын өрөөнү - ө. ж. белгисиз) – төкмө акын. Элдик ыр казынасын мыкты билген. Фольклор жыйноочу К. Мифтаков 1922-ж. Алтайга жолугуп, «Замана», «Санат» ырларын, жарамазандарын, «Асан Кайгынын батасын», «Калмырза менен Найманбайдын», «Найманбай менен Бекназардын айтыштарын» Кайып-Булак деген жерден өз оозунан жазып алган. Ал Калыгулдан келаткан «Замана» тематикасына кайрылган. К. Мифтаков Алтайдын чыгармачылык ажары ачылып турган 50 жаш курагында жолукканы м-н, анын билгендеринин баарын жазып алууга үлгүрбөгөн. Анын мурастарынын негизги бөлүгүн жарамазандар түзөт. Диний ырым-жырымдар «Ак үйлүү бай», «Доом бар», «Азирейил», «Дүнүйө», «Мукамбет»,«Жарамазан», «Орозо», «Чатыр-мутур», «Бата» ж. б. чыгармаларында кеңири чагылдырылган.