АЛИЕВ Капар: нускалардын айырмасы
imported>Gulira No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АЛИЕВ | '''АЛИЕВ''' Капар (08. 05. 1927-жыл, Нарын облусу, Тянь-Шань району, Он-Арча айылы ‒ 12. 05. 1970-жыл, Бишкек шаары) ‒ журналист, жазуучу, диктор, Кыргызстандагы көркөм окуунун негиз салуучусу. Нарын шаарындагы мугалимдерди даярдоо курсун бүткөн (1943). Тянь-Шань районундагы Жалгыз-Терек, Оттук, Ак-Талаа районундагы Осовиахим айыл мектептеринде мугалим, директор (1944‒1951) болуп эмгектенген. 1951-жылдан Кыргыз радио комитетинде дикторлук кесипте иштеп, Кыргызстанда биринчи болуп жогорку даражадагы дикторлук категорияга жетишкен. Көркөм окуу өнөрүн өмүр бою аркалаган. 1951-жылдан журналисттик кесипке өткөн. «Ленинчил жаш», «Чалкан» журналдарында эмгектенген. 50дөн ашык сатиралары, курч фельетондору жарык көргөн. К. Алиев кино ишмери катары да белгилүү. Ал толук метраждуу тасмалардын, кино журналдардын текстин көркөм окуган. «Жоро» аттуу көркөм тасмада башкарманын ролун аткарган. Котормочу катары бир нече адабий чыгармаларды кыргызчалаткан. Анын ысымы <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> туулган айылынын бир көчөсү аталган.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
09:46, 7 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
АЛИЕВ Капар (08. 05. 1927-жыл, Нарын облусу, Тянь-Шань району, Он-Арча айылы ‒ 12. 05. 1970-жыл, Бишкек шаары) ‒ журналист, жазуучу, диктор, Кыргызстандагы көркөм окуунун негиз салуучусу. Нарын шаарындагы мугалимдерди даярдоо курсун бүткөн (1943). Тянь-Шань районундагы Жалгыз-Терек, Оттук, Ак-Талаа районундагы Осовиахим айыл мектептеринде мугалим, директор (1944‒1951) болуп эмгектенген. 1951-жылдан Кыргыз радио комитетинде дикторлук кесипте иштеп, Кыргызстанда биринчи болуп жогорку даражадагы дикторлук категорияга жетишкен. Көркөм окуу өнөрүн өмүр бою аркалаган. 1951-жылдан журналисттик кесипке өткөн. «Ленинчил жаш», «Чалкан» журналдарында эмгектенген. 50дөн ашык сатиралары, курч фельетондору жарык көргөн. К. Алиев кино ишмери катары да белгилүү. Ал толук метраждуу тасмалардын, кино журналдардын текстин көркөм окуган. «Жоро» аттуу көркөм тасмада башкарманын ролун аткарган. Котормочу катары бир нече адабий чыгармаларды кыргызчалаткан. Анын ысымы менен туулган айылынын бир көчөсү аталган.