АКЫМБЕК Олжобай уулу: нускалардын айырмасы
imported>Gulira No edit summary |
No edit summary |

| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АКЫМБЕК | '''АКЫМБЕК''' Олжобай уулу ‒ орус падышасы (1801–1825) [[Александр I]]ге жолугуу үчүн барган кыргыз элчилеринин бири. Ал [[бугу уруусу]]нун арык тукумунан чыккан. 19-кылымдын биринчи чейрегиндеги түндүк кыргыз коомчулугундагы саясий бытырандылык [[Ысык-Көл]] кылаасындагы бугу уруусундагылар үчүн [[Россия]]га элчилик жиберүүгө ыӊгай түзүп, уруу төбөлдөрү 1824-жылы күзүндө А. Олжобай уулун баш кылып, бугунун белек уругунан чыккан [[Алгазы Шераалы уулу]], желдеӊ уругунан [[Алымбек]] Жапалак уулу баштаган 8 адамды кат менен жиберишкен. Катта бугу уруусунун бийлөөчүлөрү орус кербендерин өз аймагында калкалап берүү милдетин алууга даяр экендигин билдиришкен. Элчилерди 1825-жылы 5-январда Омскиде [[Батыш Сибирь]] генерал-губернатору (1822–1827) П. М. Капцевич жылуу маанайда кабыл алып, сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Кыргыз өкүлдөрү император Александр Iнин өзүнө жолугууну суранышкан, бирок алардын өтүнүчү ишке ашкан эмес. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, элчилер 50 адамдан турган казак-орус кошуунунун коштоосу менен эл-жерине аман-эсен кайтып келишкен. Акымбек элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль менен сыйланып, аны 1827-жылы Ысык-Көлгө атайын келген А. Л. [[Бубенов]] тапшырган. | ||
Ад.: Путевые замечания лекаря Омского гарнизонного полка Ф. К. Зибберштейна (17 июля - 12 октября 1825 г.) //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Т. VI; Плоских В. М. Первые Киргизско-Русские посольские связи. Фр., 1970.
| Ад.: Путевые замечания лекаря Омского гарнизонного полка Ф. К. Зибберштейна (17 июля - 12 октября 1825 г.) //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Т. VI; Плоских В. М. Первые Киргизско-Русские посольские связи. Фр., 1970.

[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
04:27, 1 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
АКЫМБЕК Олжобай уулу ‒ орус падышасы (1801–1825) Александр Iге жолугуу үчүн барган кыргыз элчилеринин бири. Ал бугу уруусунун арык тукумунан чыккан. 19-кылымдын биринчи чейрегиндеги түндүк кыргыз коомчулугундагы саясий бытырандылык Ысык-Көл кылаасындагы бугу уруусундагылар үчүн Россияга элчилик жиберүүгө ыӊгай түзүп, уруу төбөлдөрү 1824-жылы күзүндө А. Олжобай уулун баш кылып, бугунун белек уругунан чыккан Алгазы Шераалы уулу, желдеӊ уругунан Алымбек Жапалак уулу баштаган 8 адамды кат менен жиберишкен. Катта бугу уруусунун бийлөөчүлөрү орус кербендерин өз аймагында калкалап берүү милдетин алууга даяр экендигин билдиришкен. Элчилерди 1825-жылы 5-январда Омскиде Батыш Сибирь генерал-губернатору (1822–1827) П. М. Капцевич жылуу маанайда кабыл алып, сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Кыргыз өкүлдөрү император Александр Iнин өзүнө жолугууну суранышкан, бирок алардын өтүнүчү ишке ашкан эмес. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, элчилер 50 адамдан турган казак-орус кошуунунун коштоосу менен эл-жерине аман-эсен кайтып келишкен. Акымбек элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль менен сыйланып, аны 1827-жылы Ысык-Көлгө атайын келген А. Л. Бубенов тапшырган.
Ад.: Путевые замечания лекаря Омского гарнизонного полка Ф. К. Зибберштейна (17 июля - 12 октября 1825 г.) //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Т. VI; Плоских В. М. Первые Киргизско-Русские посольские связи. Фр., 1970.