ГЕНЕРАЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''ГЕНЕРА́Л ''' (лат. generгlis – жалпы, башкы дегенден) – Куралдуу Күчтөрдүн жогорку башкаруучу курамына тиешелүү аскердик наам же чин. | '''ГЕНЕРА́Л ''' (лат. generгlis – жалпы, башкы дегенден) – Куралдуу Күчтөрдүн жогорку башкаруучу курамына тиешелүү аскердик наам же чин. Генерал чини 1-жолу 16-кылымда Францияда пайда болгон. Революцияга чейин орус армиясында Генерал-майор, Генерал-лейтенант, инфантерия (жөө аскер) Генералы, атчандар Генералы, артиллерия Генералы, инженер-генерал, Генерал-фельдмаршал деген чиндер болгон. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы боюнча (1940-жыл, 7-май) Советтик Армияда Генерал-майор, Генерал-лейтенант, Генерал-полковник, армия Генералы деген наамдар, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн тиешелүү түрүнө карай бул наамдарга кошулуп айтылчу кошумча аталыш (мисалы, авиациянын Генерал-майору) белгиленген. КРде Генерал-майор, Генерал-лейтенант, Генерал-полковник, армиянын Генералы деген наамдар сакталган. Бул наамдар КРдин Президентинин Указы м-н ыйгарылат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
22 август 2024, саат 05:32 учурдагы нуска
ГЕНЕРА́Л (лат. generгlis – жалпы, башкы дегенден) – Куралдуу Күчтөрдүн жогорку башкаруучу курамына тиешелүү аскердик наам же чин. Генерал чини 1-жолу 16-кылымда Францияда пайда болгон. Революцияга чейин орус армиясында Генерал-майор, Генерал-лейтенант, инфантерия (жөө аскер) Генералы, атчандар Генералы, артиллерия Генералы, инженер-генерал, Генерал-фельдмаршал деген чиндер болгон. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы боюнча (1940-жыл, 7-май) Советтик Армияда Генерал-майор, Генерал-лейтенант, Генерал-полковник, армия Генералы деген наамдар, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн тиешелүү түрүнө карай бул наамдарга кошулуп айтылчу кошумча аталыш (мисалы, авиациянын Генерал-майору) белгиленген. КРде Генерал-майор, Генерал-лейтенант, Генерал-полковник, армиянын Генералы деген наамдар сакталган. Бул наамдар КРдин Президентинин Указы м-н ыйгарылат.