ГЕЛИОГРАФ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
25 март 2024, саат 10:51 учурдагы нуска
ГЕЛИОГРА́Ф (гелио… ж-а ...грaф) – 1) м е т е о р о л о г и я д а – күн тийүүнүн узактыгын автоматтык түрдө жазып туруучу прибор. Ал экиге бөлүнөт: биринчиси күн нурунун жылуулук таасиринен иштесе, экинчиси хим. процесстердин жардамы м-н иштейт. Практикада көбүнчө Кемпбелл-Стокс Г-ы колдонулат. Ал күн нурун чогултуучу негизги бөлүгү – диаметри 94–96 мм келген айнектен жасалган шар. 2-түрү цилиндр формасында, үч тешиги бар. Г-тын тешиктеринен кирген күндүн нуру шкалаларга бөлүнгөн кагазга изин калтырып, ал б-ча күндүн тийиши канча убакытка созулгандыгы аныкталат. 2) А с т р о н о м и я д а – Күндү сүрөткө тартуучу телескоп.