АК-МУЗ - Ат-Башы районундагы кыштак: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

14 сентябрь 2023, саат 07:39 учурдагы нуска

АК-МУЗ – Нарын облусунун Ат‑Башы районундагы кыштак. Ак‑Муз айыл аймагынын борбору. Бо­ронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-­Башы кыштагынан 32 км чыгыш тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 280 км. 1930‑жылы оту­рукташкан. Калкы 2793 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепка­на, оорукана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.