АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

7 сентябрь 2023, саат 10:00 учурдагы нуска

АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ – мамлекеттик менчик жерлерден түзүлгөн, айыл чарбасына жарактуу жер тилкелери. Фонд­дун жерлери мамлекеттин менчигинде гана бо­лот. Фонддон пайдалануучуларга эреже ката­ры, жер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө гана бе­рилет. Фонддун жерлерин башкаруу жана тескөө мамлекеттик атайын орган менен макулдашуу боюнча айыл­дык, шаар кеңештердин аткаруу органдары та­рабынан жүргүзүлөт. Фонддун жерлери сатыл­байт, жер тилкелеринен КРдин жарандарынын менчигине берүү өзгөчө учурларда гана жергиликтүү ке­ңештердин сунушу боюнча Өкмөт бекиткен чечим­дин негизинде жүзөгө ашырылат.
Б. Рысмендеев.