АЙРЫ КУЙРУКТАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
180-227>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
18 апрель 2022, саат 09:13 учурдагы нуска
(Milvus) – жырткыч куштардын карчыгалар уруусу. Уз. 70 смге чейин. Куйругу кыска, учунун ортосу оюк (аты ушундан); 2 түрү бар, алар Евразия, Африка ж‑a Австралияда кездешет; Кырг‑нда тоолордо ж‑а өрөөндөрдө таралган. Тарп ж‑a майда кемирүүчүлөр, куштар, кескелдириктер м‑н азыктанат. Жаратылышты тарптардан тазалоочу куш. А. к‑дын чоң топтору жазында ж‑a күзүндө учуп өтүшөт. Уясын токойлуу тоодогу бийик дарактарга же аскаларга салат. 2‑3 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат.