АДИНАМИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11 апрель 2022, саат 10:40 учурдагы нуска

 (гр. adynamia – алсыздык) – эс‑акылдын, психикаиын, кыймыл системасынын начарлашынан күч‑кубаттын өтө төмөндөшү. А. жугуштуу ооруларда, гипоксияда, эндокрин безинин иши, көбүнчө борб. ж‑а четки нерв системасында, булчунда зат алмашуу бузулганда болот. A‑да активдүүлүк азайып, энергия аз сарпталып, орган ж‑а ткандарга кан жетишсиз келип, кычкылтек м‑н камсыз болуу начарлайт, капиллярларда кан жай агат. Кыймылсыздыктан булчуң кичирейип, сөөк ичкерип бузулат. Сөөктүн курамындагы кальций азайып, зат алмашуу бузулгандыктан май ткандары көбөйөт. Мында адам тез чарчайт, жүрөк булчуңунун жыйрылуусу төмөндөйт. А. жаш дененин өсүшүн токтотот, адамды эрте картайтат. Оорунун кесепетинен болгон A‑да атайын айыктыруучу дене тарбия көнүгүү комплекси сунуш кылынат.