АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Temirkan No edit summary |
imported>Temirkan м (Temirkan moved page АДВЕНТЙКА ОРГАНДАРЫ to АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ) |
(Айырма жок)
| |
29 август 2023, саат 08:55 учурдагы нуска
АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ (лат. adventicius келгин, адаттан тышкары) – өсүмдүктүн калыптанып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда болгон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар). Мис., адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабактын учуна же муунуна – жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жалбыракта жана тамырда пайда болот; ал эми адвентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр системасын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот.
А.Мурсалиев.