АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ: нускалардын айырмасы
new2022>KadyrM No edit summary |
imported>Mariya No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ''' - адабий чыгармаларды системага салуу ж-а топ-топко ажыратуу принциби. Көркөм адабият ''эпос, лирика, драма'' деген тектерге бөлүнөт. Бул көркөм адабияттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен ажырабаган мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан улам ич-ара жиктеле баштаган. Көркөм адабияттагы мындай жиктелүүнү алгач илимий термин м-н Аристотель атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт. ''Эпос ''турмуш көрүнүштөрүн, окуяларды автор тарабынан сүрөттөө баяндоо аркылуу чагылдырууга умтулат. ''Драмада ''окуялар каармандын кыймыл-аракети ж-а өз-ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет. ''Лирикада ''адамдын ички сезимдери туюнтулат. Ушуга жараша лирикада монолог, драмада диалог, эпосто монолог-диалог ж-а алардан башка окуялардын жүрүшүн баяндоо, портреттик ж-а пейзаждык мүнөздөмөлөр басымдуулук кылат. Бирок адабият тектери бири-биринен ажырап турган көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу мүнөзгө ээ. | |||
4 ноябрь 2022, саат 06:05 учурдагы нуска
АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ - адабий чыгармаларды системага салуу ж-а топ-топко ажыратуу принциби. Көркөм адабият эпос, лирика, драма деген тектерге бөлүнөт. Бул көркөм адабияттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен ажырабаган мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан улам ич-ара жиктеле баштаган. Көркөм адабияттагы мындай жиктелүүнү алгач илимий термин м-н Аристотель атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт. Эпос турмуш көрүнүштөрүн, окуяларды автор тарабынан сүрөттөө баяндоо аркылуу чагылдырууга умтулат. Драмада окуялар каармандын кыймыл-аракети ж-а өз-ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет. Лирикада адамдын ички сезимдери туюнтулат. Ушуга жараша лирикада монолог, драмада диалог, эпосто монолог-диалог ж-а алардан башка окуялардын жүрүшүн баяндоо, портреттик ж-а пейзаждык мүнөздөмөлөр басымдуулук кылат. Бирок адабият тектери бири-биринен ажырап турган көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу мүнөзгө ээ.