«АРТХАШАСТРА»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 июль 2022, саат 12:49 учурдагы нуска

(санскр. – пайдалуу жашоо ж-дөгү илим) – байыркы индиялык трактат; мамлекетти башкаруу маселелери б-ча көрсөтмөлөрдүн жыйнагы. Болжол м-н б. з. ч. 4- к-дан – б. з. 2–3-к-дарда жазылган. Анын негизин Каутильо түзүп, кийинчерээк башка авторлор тарабынан толукталган. Изилдөөчүлөр «А-ны» мааниси б-ча үч темага бөлүшөт: акылдуу падышанын ишмердүүлүгү ж-а вазийпалары; башкаруу ж-а укук; согуш ж-а дипломатия маселелери. «А.» – Байыркы Индиядагы коомдук мамилелер, экон., саясий ин-ттар ж-дөгү булак болуп саналат.