АК-САРАЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (→top: категория кошуу) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АК-САРАЙ | '''АК-САРАЙ''' ‒ Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбек Республикасынын Шахрисабз шаарында жайгашкан. Пайдубалы 1380-жылы түптөлгөн. Ал Амир Темирдин Хорезмдеги жеӊишинин урматына салынган. Эстеликте чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, ошондой эле «798-хижра жылы (16. 10. 1395‒5. 10. 1396)» деген жазуулар бар. Ак-Сарайдын курулушу Темирдин уулу Шахруктун тушунда аяктаган. Жазма даректерде 1707-жылы Ак-Сарайда Бухара ханы Убайдулла отурганы айтылат. 1403-жылы Шахрисабзда болгон испан элчиси Г. Клавихо Ак-Сарайдын өзгөчө көркөмдүүлүгүн жазат. Ал мамлекеттин <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> ЮНЕСКОнун камкордугуна алынган. <br> | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
09:58, 3 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
АК-САРАЙ ‒ Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбек Республикасынын Шахрисабз шаарында жайгашкан. Пайдубалы 1380-жылы түптөлгөн. Ал Амир Темирдин Хорезмдеги жеӊишинин урматына салынган. Эстеликте чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, ошондой эле «798-хижра жылы (16. 10. 1395‒5. 10. 1396)» деген жазуулар бар. Ак-Сарайдын курулушу Темирдин уулу Шахруктун тушунда аяктаган. Жазма даректерде 1707-жылы Ак-Сарайда Бухара ханы Убайдулла отурганы айтылат. 1403-жылы Шахрисабзда болгон испан элчиси Г. Клавихо Ак-Сарайдын өзгөчө көркөмдүүлүгүн жазат. Ал мамлекеттин жана ЮНЕСКОнун камкордугуна алынган.