АЗОТТУУ СУУЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Gulira No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АЗОТТУУ | '''АЗОТТУУ СУУЛАР'''– '''к'''урамындагы газдардын негизин азот газы түзгөн табигый суулар. Сейрек кездешүүчү бул сууларда көбүнчө аргон, гелий, неон, криптон, ксенон жана башка инерттүү газдар да кездешет. Кыргызстандагы минералдуу суулардын басымдуу тобун Азоттук суулар түзөт <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> алардын катарына Жалал‑Абад, Ысык‑Ата, Жыргалаң, Ак‑Суу (Теплоключенка), Сары‑Жаз, Аламүдүн, Алтын‑Арашан булактары, Чоң Кызыл‑Суу, Көкөмерен, Ысык‑Көлдөгү бургулоо көзөнөктөрү <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> чыккан минералдуу суулар кирет. Алардын курамындагы газдарда азот басымдуулук кылат (75‑95%). Азоттуу суулар гранит, гранодиорит, гнейстер жана башка тоо тектер аркылуу сарыкканда пайда болот.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
10:02, 27 Март (Жалган куран) 2026 -деги абалы
АЗОТТУУ СУУЛАР– курамындагы газдардын негизин азот газы түзгөн табигый суулар. Сейрек кездешүүчү бул сууларда көбүнчө аргон, гелий, неон, криптон, ксенон жана башка инерттүү газдар да кездешет. Кыргызстандагы минералдуу суулардын басымдуу тобун Азоттук суулар түзөт жана алардын катарына Жалал‑Абад, Ысык‑Ата, Жыргалаң, Ак‑Суу (Теплоключенка), Сары‑Жаз, Аламүдүн, Алтын‑Арашан булактары, Чоң Кызыл‑Суу, Көкөмерен, Ысык‑Көлдөгү бургулоо көзөнөктөрү менен чыккан минералдуу суулар кирет. Алардын курамындагы газдарда азот басымдуулук кылат (75‑95%). Азоттуу суулар гранит, гранодиорит, гнейстер жана башка тоо тектер аркылуу сарыкканда пайда болот.