КӨК-КАШАТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 январь 2026, саат 05:19 учурдагы соңку нуска
КӨК-КАШАТ – Талас районундагы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна караштуу. Талас суусунун боюнда, 1700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 24 км чыгыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 120 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 1902 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, ФАП иштейт. Кыштакта белгилүү комузчу Атай Огомбаев туулган.