КОНЦЕССИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

28 декабрь 2025, саат 14:23 учурдагы нуска

КОНЦЕ́ССИЯ (лат. concessio – чечүү, эпке келүү) – мамлекетке же муниципалитеттерге таандык жаратылыш байлыктарын, ишканаларды ж-а башка чарбалык объекттерди белгилүү бир мөөнөткө пайдаланууга берүү тууралуу кели­шим. Мындай келишимдин негизинде уюшул­ган ишкананын өзү да К. деп аталат. Мамлекет чет өлкөлүк фирмага (же жеке менчик ээлери­не) берген К. ошол мамлекеттин мыйзамдары м-н жөнгө салынат. Эл аралык укукка ылайык мамлекет К. аракетин мөөнөтүнөн мурда токто­то алат.