КОНФОРМИЗМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
28 декабрь 2025, саат 14:23 учурдагы нуска
КОНФОРМИ́ЗМ (лат. conformis – окшош, ылайык) – шарт-жагдайга келишип кетмеликти, ыкташуучулукту, ыкка көнүүчүлүктү, үстөмдүк кылган пикирди, тартипти пассивдүү (сокур ишеним м-н) кабыл алууну билдирген термин. Көпчүлүктүн пикирин аң-сезимдүү кабыл алган, өз жүрүм-турумун башкалардыкы м-н салыштыра билген жамааттан айырмаланып, К. жеке пикиринин жоктугун көрсөтөт ж-а кысым көрсөтүп, үстөмдүк кылган ар кандай үлгүнү принципсиз, сынсыз кабыл алат.