КОНТРАБАНДА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОНТРАБА́НДА</b> – чек арадан пошлина төлөнүүчү ж-а тыюу салынган товарларды жашырын алып өтүү. Мындай товарлардын тизмеси ар бир мамлекетте мыйзам м-н бекитилет. КРдин бажы чек арасы аркылуу товар же башка нерселерди ири өлчөмдө мыйзамсыз алып өтүү. | <b type='title'>КОНТРАБА́НДА</b> – чек арадан пошлина төлөнүүчү ж-а тыюу салынган товарларды жашырын алып өтүү. Мындай товарлардын тизмеси ар бир мамлекетте мыйзам м-н бекитилет. КРдин бажы чек арасы аркылуу товар же башка нерселерди ири өлчөмдө мыйзамсыз алып өтүү. Контрабанда бир катар ыкмалар м-н жасалышы мүмкүн: 1) бажы көзөмөлүнөн буйтоо же жа­шыруу; 2) жалган документ же бажы идентификация каражаттарын пайдалануу; 3) декларацияга киргизбей же жалган декларация жасоо аркылуу. Ошондуктан ал финансы системасына түздөн-түз зыян алып келүүчү кылмыш катары каралат. Контрабанда материалдык кылмыш болгондуктан, андан келип чыккан зыяндын өлчөмү сатылган товарлардын наркы м-н эсептелинип такталат. Кылмыш жасалган учурда алынып өтүлгөн товарлардын наркы мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтөн ашса, анда ал ири өлчөмдө жасалган деп табылат, ал эми анын наркы белгиленген өлчөмгө жетпесе, жоопкерчилик Бажы кодекси м-н жөнгө салынат. Бажы чек арасы аркылуу баңги каражаттарын, психотроптук, таасири күчтүү, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү же жарылгыч заттарды, курал-жарак, жарылуучу түзүлүштөрдү, ядролук, химиялык, биологиялык ж-а массалык кыргынга учу­ратуучу курал-жарактарды жасоого пайдаланууга мүмкүн болгон материал, технология, илимий- техникалык жабдуу, маалыматтарды алып өтүү оордо­туучу жагдайларга кирет. Контрабанданын бир нече жолу жасалышы; кызмат адамы тарабынан кызмат­тык абалын пайдалануу м-н ишке ашырылышы; бажы кызматчысына зомбулук көрсөтү­лүшү; кылмыштуу уюмдашкан топ тарабынан жасалышы ж. б. контрабанданы өтө оордотуучу жагдайлар болуп саналат. 16 жашка толгон, акыл-эси соо адам контрабанда кылмышынын субъектиси деп табылат. | ||
<p align='right'><i type='author'>К. А. Бодобаев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>К. А. Бодобаев.</i></p> | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
07:34, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНТРАБА́НДА – чек арадан пошлина төлөнүүчү ж-а тыюу салынган товарларды жашырын алып өтүү. Мындай товарлардын тизмеси ар бир мамлекетте мыйзам м-н бекитилет. КРдин бажы чек арасы аркылуу товар же башка нерселерди ири өлчөмдө мыйзамсыз алып өтүү. Контрабанда бир катар ыкмалар м-н жасалышы мүмкүн: 1) бажы көзөмөлүнөн буйтоо же жашыруу; 2) жалган документ же бажы идентификация каражаттарын пайдалануу; 3) декларацияга киргизбей же жалган декларация жасоо аркылуу. Ошондуктан ал финансы системасына түздөн-түз зыян алып келүүчү кылмыш катары каралат. Контрабанда материалдык кылмыш болгондуктан, андан келип чыккан зыяндын өлчөмү сатылган товарлардын наркы м-н эсептелинип такталат. Кылмыш жасалган учурда алынып өтүлгөн товарлардын наркы мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтөн ашса, анда ал ири өлчөмдө жасалган деп табылат, ал эми анын наркы белгиленген өлчөмгө жетпесе, жоопкерчилик Бажы кодекси м-н жөнгө салынат. Бажы чек арасы аркылуу баңги каражаттарын, психотроптук, таасири күчтүү, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү же жарылгыч заттарды, курал-жарак, жарылуучу түзүлүштөрдү, ядролук, химиялык, биологиялык ж-а массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактарды жасоого пайдаланууга мүмкүн болгон материал, технология, илимий- техникалык жабдуу, маалыматтарды алып өтүү оордотуучу жагдайларга кирет. Контрабанданын бир нече жолу жасалышы; кызмат адамы тарабынан кызматтык абалын пайдалануу м-н ишке ашырылышы; бажы кызматчысына зомбулук көрсөтүлүшү; кылмыштуу уюмдашкан топ тарабынан жасалышы ж. б. контрабанданы өтө оордотуучу жагдайлар болуп саналат. 16 жашка толгон, акыл-эси соо адам контрабанда кылмышынын субъектиси деп табылат.
К. А. Бодобаев.