КОНТЕКСТТИК ОКУТУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

28 декабрь 2025, саат 14:23 учурдагы нуска

КОНТЕКСТТИК ОКУТУУ – окуу жайлардагы окутуунун бир түрү. К. о. кесиптин чыныгы моделдерине жакындаштыруу максатында теор. ж-а практикалык жактан даярдоонун формасы да болуп эсептелет. Мындай иш көбүнесе «иштиктүү оюн» ыкмасында жүргүзүлөт да, окуучулар келечектеги адистик милдеттерин оюн формасында уюштурулган кандайдыр бир өндүрүштүк маселени чечүүгө катышуу аркылуу өздөш­түрүшөт.