КОНТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОНТ</b> Огюст (19. 1. 1798, Монпелье – 5. 9. 1857, Париж) – француз социалдык ойчулу. Коом тууралуу жаңы позитивдик социалдык илимдин – социологияны (ушул аталышты берген) негиздөөчүлөрүнүн бири. Математика ж-а табигый илимдер б-ча билими бар К. социология да спекуляция м-н жалганды четке каккан табигый илимдердин так (позитивдүү) ыкмаларын колдонгон так илим болушун каалаган. Негизги эмгектери: «Позитивдүү философиянын курсу», «Позитивдүү саясаттын системасы». К. окумуштуу катары коомду моралдык кайра курууну, гармониялык тартипти (Улуу Француз рев-ясы бузган) кайра калыбына келтирүүнү максат кылган, анын пикири б-ча ил. социология диндин эквиваленти болот, аны кабылдоо үчүн акылды даярдоо керек. К. өзү ачкан акылдын өнүгүшүнүн «3 стадиясынын Улуу Мыйзамы» же адамзаттын интеллектуалдык эволюциясынын мыйзамынын негизинде коомду өзгөртүүнү сунуштаган. К-тун ою б-ча адамзат тарыхынын жогорку стадиясы позитивдик ил. стадия болуп эсептелет. К. социологияда эки бөлүктү көрсөткөн: 1) социалдык статика социалдык байланыштардын табиятын аныктап, ал коомдун глобалдык структурасы (түзүлүшү, курамдык бөлүктөрү, алардын ортосундагы байланыштардын принциптери) болуп саналат; социалдык динамика – бул 3 стадиялуу мыйзамдын соц. трактовкасы болуп эсептелет да, прогресстин жалпы багытынын идеясын (адамзаттын интел&shy;лектуалдык күчтөрүнүн алга өнүгүшүнүн) камтыйт. К. коомду орг. бүтүндүк катары караганы м-н социологиянын тарыхында татыктуу орун ээлеп калды.
<b type='title'>КОНТ</b> '''Огюст''' (19. 1. 1798, Монпелье – 5. 9. 1857, Париж) – француз социалдык ойчулу. Коом тууралуу жаңы позитивдик социалдык илимдин – социологияны (ушул аталышты берген) негиздөөчүлөрүнүн бири. Математика ж-а табигый илимдер боюнча билими бар Конт социология да спекуляция м-н жалганды четке каккан табигый илимдердин так (позитивдүү) ыкмаларын колдонгон так илим болушун каалаган. Негизги эмгектери: «Позитивдүү философиянын курсу», «Позитивдүү саясаттын системасы». Конт окумуштуу катары коомду моралдык кайра курууну, гармониялык тартипти (Улуу Француз революциясыясы бузган) кайра калыбына келтирүүнү максат кылган, анын пикири боюнча илимий социология диндин эквиваленти болот, аны кабылдоо үчүн акылды даярдоо керек. Конт өзү ачкан акылдын өнүгүшүнүн «3 стадиясынын Улуу Мыйзамы» же адамзаттын интеллектуалдык эволюциясынын мыйзамынын негизинде коомду өзгөртүүнү сунуштаган. Конттун ою боюнча адамзат тарыхынын жогорку стадиясы позитивдик илимий стадия болуп эсептелет. Конт социологияда эки бөлүктү көрсөткөн: 1) социалдык статика социалдык байланыштардын табиятын аныктап, ал коомдун глобалдык структурасы (түзүлүшү, курамдык бөлүктөрү, алардын ортосундагы байланыштардын принциптери) болуп саналат; социалдык динамика – бул 3 стадиялуу мыйзамдын социалдык трактовкасы болуп эсептелет да, прогресстин жалпы багытынын идеясын (адамзаттын интел&shy;лектуалдык күчтөрүнүн алга өнүгүшүнүн) камтыйт. Конт коомду органикалык бүтүндүк катары караганы м-н социологиянын тарыхында татыктуу орун ээлеп калды.
 


Ад.: <i>Яковенко В. И.</i> О. Конт. Его жизнь и философская деятельность. СПб., 1894. СПб., 1998; <i>Милль Дж. Ст.</i> О. Конт и позитивизм. М., 2007.
Ад.: <i>Яковенко В. И.</i> О. Конт. Его жизнь и философская деятельность. СПб., 1894. СПб., 1998; <i>Милль Дж. Ст.</i> О. Конт и позитивизм. М., 2007.
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]

05:17, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОНТ Огюст (19. 1. 1798, Монпелье – 5. 9. 1857, Париж) – француз социалдык ойчулу. Коом тууралуу жаңы позитивдик социалдык илимдин – социологияны (ушул аталышты берген) негиздөөчүлөрүнүн бири. Математика ж-а табигый илимдер боюнча билими бар Конт социология да спекуляция м-н жалганды четке каккан табигый илимдердин так (позитивдүү) ыкмаларын колдонгон так илим болушун каалаган. Негизги эмгектери: «Позитивдүү философиянын курсу», «Позитивдүү саясаттын системасы». Конт окумуштуу катары коомду моралдык кайра курууну, гармониялык тартипти (Улуу Француз революциясыясы бузган) кайра калыбына келтирүүнү максат кылган, анын пикири боюнча илимий социология диндин эквиваленти болот, аны кабылдоо үчүн акылды даярдоо керек. Конт өзү ачкан акылдын өнүгүшүнүн «3 стадиясынын Улуу Мыйзамы» же адамзаттын интеллектуалдык эволюциясынын мыйзамынын негизинде коомду өзгөртүүнү сунуштаган. Конттун ою боюнча адамзат тарыхынын жогорку стадиясы позитивдик илимий стадия болуп эсептелет. Конт социологияда эки бөлүктү көрсөткөн: 1) социалдык статика социалдык байланыштардын табиятын аныктап, ал коомдун глобалдык структурасы (түзүлүшү, курамдык бөлүктөрү, алардын ортосундагы байланыштардын принциптери) болуп саналат; социалдык динамика – бул 3 стадиялуу мыйзамдын социалдык трактовкасы болуп эсептелет да, прогресстин жалпы багытынын идеясын (адамзаттын интел­лектуалдык күчтөрүнүн алга өнүгүшүнүн) камтыйт. Конт коомду органикалык бүтүндүк катары караганы м-н социологиянын тарыхында татыктуу орун ээлеп калды.

Ад.: Яковенко В. И. О. Конт. Его жизнь и философская деятельность. СПб., 1894. СПб., 1998; Милль Дж. Ст. О. Конт и позитивизм. М., 2007.