КОНСУЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КО́НСУЛ</b> – 1) Байыркы Римдеги шайланма жогорку кызмат адамы. Адегенде | <b type='title'>КО́НСУЛ</b> – 1) Байыркы Римдеги шайланма жогорку кызмат адамы. Адегенде консулга патрицийлерден 2 киши 1 жылдык мөөнөткө шайланган. Күрөштүн натыйжасында кийин плебейлер да консул болуп шайлануу укугуна жетишкен. Жарандык ж-а аскердик бийлик консулдун колунда болгон. Ар бир консул 2 млн аскерге ээ болуп, сенат м-н элдик жыйын чакырып, аларга башчылык кылган. Империя доорунда консул реалдуу бийликтен ажырап, ардактуу наам болуп калган; 2) башка мамлекетте өз мамлекетинин ж-а анын жарандарынын укуктук, экономикалык таламда­рын коргоо ж. б. милдеттерди аткаруучу турук­туу өкүл катары дайындалган кызмат адамы. Консулдук топторго ылайык консулдук мекеменин башчылары: г е н е р а л д ы к консул, в и ц е консул ж-а консул а г е н т болуп бөлүнөт. Консулду дайында­ган мамлекет анын керт башын күбөлөндүрүүчү консулдук патент м-н камсыз кылат. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
05:09, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КО́НСУЛ – 1) Байыркы Римдеги шайланма жогорку кызмат адамы. Адегенде консулга патрицийлерден 2 киши 1 жылдык мөөнөткө шайланган. Күрөштүн натыйжасында кийин плебейлер да консул болуп шайлануу укугуна жетишкен. Жарандык ж-а аскердик бийлик консулдун колунда болгон. Ар бир консул 2 млн аскерге ээ болуп, сенат м-н элдик жыйын чакырып, аларга башчылык кылган. Империя доорунда консул реалдуу бийликтен ажырап, ардактуу наам болуп калган; 2) башка мамлекетте өз мамлекетинин ж-а анын жарандарынын укуктук, экономикалык таламдарын коргоо ж. б. милдеттерди аткаруучу туруктуу өкүл катары дайындалган кызмат адамы. Консулдук топторго ылайык консулдук мекеменин башчылары: г е н е р а л д ы к консул, в и ц е консул ж-а консул а г е н т болуп бөлүнөт. Консулду дайындаган мамлекет анын керт башын күбөлөндүрүүчү консулдук патент м-н камсыз кылат.