КОМСОМО (Кочкор районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13 декабрь 2025, саат 17:01 учурдагы нуска

КОМСОМО́Л (мурдагы К а р а - Б у л у ң, А к - К у д у к) – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Талаа-Булак айыл округуна караштуу. Каракол өрөөнүнүн оозунда, деңиз деңг. 2170 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 56 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 119 км. Калкы 1309 (2002); негизи­нен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепка­на, бала бакча бар. Медпункт, соода түйүндөрү иштейт.