КОМСОМОЛ (Сокулук районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13 декабрь 2025, саат 17:01 учурдагы нуска
КОМСОМО́Л – Чүй обл-нун Сокулук р-нундагы кыштак. Фрунзе айыл округуна караштуу. Сокулук тажрыйба станциясынын аймагында, Бишкек – «Манас» автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 649 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 27 км түн.- чыгыш тарапта. Пишпек т. ж. бекетинен 15 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 2247 (2007); негизинен жашылча өстүрүшөт. Негизги мектеп, 2 китепкана, бала бакча, клуб бар. Соода ж-а тамактануучу жайлар иштейт.