КОЛЫМА ТҮЗДҮГҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛЫМА́ ТҮЗДҮГҮ</b> – Якутиядагы аккумуля­циялык зор түздүк. | <b type='title'>КОЛЫМА́ ТҮЗДҮГҮ</b> – Якутиядагы аккумуля­циялык зор түздүк. Түндүк-Чыгыш Сибирде, Ко­лыма дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан. Алазея ж-а Юкагир бөксө тоолорунун аралы­гында 750 <i>км</i>ге созулуп жатат. Жеринин бети начар тилмеленген, деңиз деңгээли 100–300 <i>м</i> би­йикте, дөбөлүү. Бардык жеринде көп жылдык тоң ж-а жер алдындагы калың (50 <i>м</i>) муз кат­марынын таралышы рельефтин тоң-термокарст­тык формаларынын пайда болушуна шарт түзөт. Климаты катаал, кескин континенттик. Тайыз чакан көлдөр ж-а саздар көп. Табигый ланд­шафттарынын ичинен тайганын түндүк чегиндеги саздашып, куурап бараткан кара карагайлуу сей­рек токой, түндүгүндө токойлуу тундра (ольха бадалы, тал, кайың), ошондой эле кочкар тибиндеги тундра ж-а арктика ландшафттары м-н алма­шат. Бугу жайыты, мергенчилик, балык уулоо өнүккөн. | ||
начар тилмеленген, деңиз | |||
чакан көлдөр ж-а саздар көп. Табигый ланд­шафттарынын ичинен тайганын | |||
өнүккөн. | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
03:14, 24 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЛЫМА́ ТҮЗДҮГҮ – Якутиядагы аккумуляциялык зор түздүк. Түндүк-Чыгыш Сибирде, Колыма дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан. Алазея ж-а Юкагир бөксө тоолорунун аралыгында 750 кмге созулуп жатат. Жеринин бети начар тилмеленген, деңиз деңгээли 100–300 м бийикте, дөбөлүү. Бардык жеринде көп жылдык тоң ж-а жер алдындагы калың (50 м) муз катмарынын таралышы рельефтин тоң-термокарсттык формаларынын пайда болушуна шарт түзөт. Климаты катаал, кескин континенттик. Тайыз чакан көлдөр ж-а саздар көп. Табигый ландшафттарынын ичинен тайганын түндүк чегиндеги саздашып, куурап бараткан кара карагайлуу сейрек токой, түндүгүндө токойлуу тундра (ольха бадалы, тал, кайың), ошондой эле кочкар тибиндеги тундра ж-а арктика ландшафттары м-н алмашат. Бугу жайыты, мергенчилик, балык уулоо өнүккөн.