КОЛЧЕДАНДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛЧЕДАНДАР</b> , (гр. Chalkedon – Кичи Азия­дагы байыркы грек колониясынын атынан), к о л ч е д а н к е н т а ш т а р ы – негизинен | <b type='title'>КОЛЧЕДАНДАР</b> , (гр. Chalkedon – Кичи Азия­дагы байыркы грек колониясынын атынан), к о л ч е д а н к е н т а ш т а р ы – негизинен күкүрттүү минералдардан (сульфиддерден) тур­ган кенташтын жалпы аты. Курамында пирит, пирротин, марказит, айрым учурда халькопи­рит, борнит, сфалерит, галенит, барит минерал­дары кезедешет. Спилит-кератофир, диабаз-аль­битофир сыяктуу жанартоо чөкмөлөрүнөн орун алат. Каралжын сланец формациялары м-н тыгыз байланышкан. Бир өңчөй массадан же чачыранды бүртүкчөлөрдөн турат. Тарамдашкан, линза, шток, кабат түрүндө жолугат. Жез м-н күкүрт кислотасы өндүрүлөт. Кээде алтын, күмүш, коргошун, цинк, кадмий, висмут, селен, тел­лур, барий, күкүрт алынат. Жездин дүйнөлүк запасынын 10%ин колчедандар берет. Ири кендери Ка­релия, Бурятия, Казакстан, Кавказ, Урал, Ку­рил аралдары, Кыргызстан ж. б. жерлерде кездешет. Кыргызстандагы <i>Ачык-Таш күкүрт колчедан кени</i> (Кыргыз Ала-Тоосу) ж. б. буга мисал болот. Дүй­нө жүзүндөгү эң ири кени болуп Испаниядагы Рио Тино кени эсептелет. Андан 3 миң жыл ичинде 200 млн т кен казып алынган, 5 млн т жез өндүрүлгөн. | ||
күкүрттүү минералдардан (сульфиддерден) тур­ган кенташтын жалпы аты. Курамында пирит, пирротин, марказит, айрым учурда халькопи­рит, борнит, сфалерит, галенит, барит минерал­дары кезедешет. Спилит-кератофир, диабаз-аль­битофир сыяктуу жанартоо чөкмөлөрүнөн орун алат. Каралжын сланец формациялары м-н тыгыз байланышкан. Бир өңчөй массадан же | |||
чачыранды бүртүкчөлөрдөн турат. Тарамдашкан, линза, шток, кабат түрүндө жолугат. Жез м-н күкүрт | |||
(Кыргыз Ала-Тоосу) ж. б. буга мисал болот. Дүй­нө жүзүндөгү эң ири кени болуп Испаниядагы | |||
Рио Тино кени эсептелет. Андан 3 миң жыл | |||
ичинде 200 млн т кен казып алынган, 5 млн т | |||
жез өндүрүлгөн. | |||
Ад.: Колчеданные месторождения мира /Под ред. В. И. Смирнова. М., 1979. | Ад.: Колчеданные месторождения мира /Под ред. В. И. Смирнова. М., 1979. | ||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
09:30, 23 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЛЧЕДАНДАР , (гр. Chalkedon – Кичи Азиядагы байыркы грек колониясынын атынан), к о л ч е д а н к е н т а ш т а р ы – негизинен күкүрттүү минералдардан (сульфиддерден) турган кенташтын жалпы аты. Курамында пирит, пирротин, марказит, айрым учурда халькопирит, борнит, сфалерит, галенит, барит минералдары кезедешет. Спилит-кератофир, диабаз-альбитофир сыяктуу жанартоо чөкмөлөрүнөн орун алат. Каралжын сланец формациялары м-н тыгыз байланышкан. Бир өңчөй массадан же чачыранды бүртүкчөлөрдөн турат. Тарамдашкан, линза, шток, кабат түрүндө жолугат. Жез м-н күкүрт кислотасы өндүрүлөт. Кээде алтын, күмүш, коргошун, цинк, кадмий, висмут, селен, теллур, барий, күкүрт алынат. Жездин дүйнөлүк запасынын 10%ин колчедандар берет. Ири кендери Карелия, Бурятия, Казакстан, Кавказ, Урал, Курил аралдары, Кыргызстан ж. б. жерлерде кездешет. Кыргызстандагы Ачык-Таш күкүрт колчедан кени (Кыргыз Ала-Тоосу) ж. б. буга мисал болот. Дүйнө жүзүндөгү эң ири кени болуп Испаниядагы Рио Тино кени эсептелет. Андан 3 миң жыл ичинде 200 млн т кен казып алынган, 5 млн т жез өндүрүлгөн.
Ад.: Колчеданные месторождения мира /Под ред. В. И. Смирнова. М., 1979.