КОЙ ТЕКЕЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

13 декабрь 2025, саат 10:36 учурдагы нуска

КОЙ ТЕКЕЙ (Scorzonera) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык, чан­да эки жылдык чөп ж-а бадал. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашат. Жер жүзүндө 170тей түрү, Кырг-нда 18 түрү бар. Кээ бир түрү­нүн жер астындагы бөлүгү желет. Айрымдары балдуу, кээ биринин тамырында каучук (тоо сагыз) болот.